MegaCom тармакты жакшыртууну улантат

MegaCom тармакты жакшыртууну улантат

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары үчүн жагымдуу жаңылык! MegaCom мобилдик операторунун аймакта жүргүзүлгөн техникалык жумуштарынын натыйжасында маалыматтарды жөнөтүү жана үн байланыштын сапаты эки эсеге жакшырды.

Тармактын техникалык модернизациясы төмөнкү калктуу пункттарда жүргүзүлдү: Ак-Терек, Барскоон, Боз-Бешик, Дархан, Жеңиш, Жети-Өгүз, Кичи Жаргылчак, Кызыл-Суу, Липенка, Саруу, Тамга, Тосор, Чырак, Чоң Жаргылчак жана Чоң Кызыл-Суу.

Жабдыктарды модернизациялоонун натыйжасында, чектөөсүз интернет-топтомдорду жана опцияларды колдонуу, соцтармактарда баарлашуу, сүйүктүү фильмдерди көрүү, интернетти кенен колдонуу мурдагыдан дагы ыңгайлуу, чектөөсүз жана максималдуу ылдамдыкта болуп калды.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы