Перейти на новый сайт

MegaCom түйүнүнүн техникалык өнүктүрүү жаңылыктары


MegaCom түйүнүнүн техникалык өнүктүрүү жаңылыктары


MegaCom түйүнүнүн радиокамтуу географиясын пландуу кеңейтүү улантылууда. 2008-жылдын август айынан тартып 20-октябрга чейин жаңы 46 базалык станциясы ишке киргизилди. Ошентип, MegaCom түйүнүнүн абоненттерин бүгүнкү күндө 413 базалык станция тейлейт.

Көптөн күткөн MegaCom компаниясынан байланыш эми Бишкек-Ош жолунда, Токтогулдан Шамалды-Сайга чейин. Жалал- Абад облусу аркылуу өткөн жолдун бул бөлүгүндө MegaCom байланышы Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларында, Торкент, Үч-Терек, Кара-Жыгач, Баджикыр айылдарында жана Камбар-Ата ГЭСин камтыды. Ош облусунун Араван районунун Сары-Таш, Хауз, Акшар айылдарынын тургундары да MegaCom абоненттери боло алышат, анткени ал жерлерде туруктуу байланыш жүргүзүлдү.

Буга чейин байланыш өткөрүлө элек жерлерде жаңы базалык станцияларды ишке киргизгенден сырткары, MegaComдун техникалык департаменти абоненттер байланышты колдонуп келаткан жерлерде сапатын жогорулатуу боюнча тынымсыз иш алпарат.

Ысык-Көл областын түйүн толугу мене камтыды. Көлдүн күнгөй тарабы жаңы 15 базалык станция менен толукталды. Жаңы 4 базалык станция Балыкчыда, Караколдо жана Кашка-Суудагы «Каракол» тоо лыжа базасында орнотулду. Жаңы базалык станцияларды орнотуу сигналдын кабыл алынуусун Чолпон-Атада, Чырпыкты, Кара-Ой, Семеновка, Бактуу-Долоноту, Бурма-Суу, Корумду, Тамчы, Темир, Сары-Камыш айлдарында жана Орлиныйда жакшыртты. Ош облусттарында жаңы 6 базалык станциясы ишке киргизилди. Алардын бири Ош шаарынын борборунда Ленин көчөсүндө, дагы төртөө Салиева жана Фрунзе көчөлөрү тарабында, «Ак-Тилек» кичи районунда жана автобазарда, Араван районундагы Акшар айылында.

Сигналдын сапаты Жала-Абад облусунда да, Жалал-Абад шаарында «Кыргызтелеком» ААКнун тушунда, ОСТО автомектеби, «Спутник» кичи району жана Токтогул көчөлөрү жайгашкан жерлерде жакшыртылды. Шамалды-Сай шаарында, Токтогул шаарчасында, Камбар-Ата жана Чоко-Дөбө айылдарында турган абоненттердин телефон антенналары да мурункудан да жакшы иштемекчи. Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 14 жаңы базалык станция ишке киргизилди.

MegaCom техникалык адистеринин аракетинин жыйынтыгында байланыш сапаты Нарын облусунда да жакшырды. Ал жерде Ат-Башы районунун Казыбек жана Кара-Жайлоо айылдарында жаңы базалык станциялар орнотулду.

Базалык станцияларды план боюнча куруу жана ишке киргизүү Чүй облусунда да ийгиликтүү болду. Атап өтсөк Шопоков шаарында, Ленин, Чым-Коргон, Күнтуу, Жылтыр (Боом капчыгайынын кире беришинде) айылдарында.

Жаңы базалык станцияларды орнотуу эсебинен камтуу күчөтүлүп, түйүндүн көлөмү республика борборунда ЦУМ, ТЭЦ жана Манас көчөсүндө өстү.


555 Командасы. Бардыгы – өз адамдар!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Услуга «SIP телефония»

  • Услуга

    «Корпоратив 24»

  • Услуга

    «Мобильный офис»

  • Услуга

    Опция «Пауза»