Перейти на новый сайт
MegaCom менен “Жаңы демиңди” ач!

 

MegaCom менен “Жаңы демиңди” ач!

Маанилүү маселе боюнча телефон чалышың керек, бирок балансыңда акча каражаттары түгөнүп калса эмне кылыш керек? «Маяк» берип же кошунаңдын телефонун пайдаланасыңбы? Тандоо мүмкүнчүлүгү анча деле көп эмес. MegaCom компаниясы өзүнүн туруктуу абоненттери үчүн бул көйгөйдү чечип берип, 31-октябрдан баштап жаңы, мурда болуп көрбөгөн “Жаңы дем” кызматын киргизип жатат.

Мындан ары “555 командасынын” мүчөлөрү кырдаалга, бирөөнүн жардамына жана балансындагы акча каражаттарына көз каранды болушпайт. Анткени “Жаңы дем”* кызматынын жардамы менен дайыма телефон чалып турса болот. MegaCom абоненттери балансында акча түгөнүп, аны толуктоого мүмкүнчүлүгү болбогон учурда да байланышта кала беришет.

«Жаңы дем» кызматынын жардамы менен абонент келечекте төлөнүүчү каражаттардын эсебинен өзүнүн бет эсебине катталган суммадагы акча каражатын салып, байланыштын каалаган кызматтарынан пайдалана берет.

«Жаңы дем» кызматын төмөнкү абоненттер активдештире алышат:

· MegaCom түйүнүндө 6 жана андан ашуун ай тейленген абоненттер;

· Балансында 10 сомдон кем эмес жана 50 сомдон ашуун эмес карызы бар абоненттер;

· Акыркы 90 күн байланыштын акы төлөнүүчү кызматтарынан пайдаланып келген абоненттер.

«Жаңы дем» кызматын активдештирүү акысыз жана аны коштуруу үчүн *400#10#1#чакыруу USSD-буйругун терүү керек. Насыянын суммасы MegaCom түйүнүндө тейленүү мөөнөтүнө жараша болот. Абонент канчалык узак убакыт тейленсе, насыянын суммасы ошончолук чоң болот.

«Жаңы дем» кызматын көрсөтүү шарттары:

MegaCom түйүнүндө тейленүү мөөнөтү (*400#)

Насыянын суммасы

Насыяны төлөө мөөнөтү

6 айдан 1 жылга чейин

50 сом

3 күн

1 жылдан 2 жылга чейин

100 сом

3 күн

2 жылдан ашуун

200 сом

3 күн

Насыянын акчасын кайтаруу үчүн *400#10#2#чакыруу USSD-буйругун терүү гана жетиштүү. Насыя төлөнгөндөн кийин балансты алынган насыяга барабар же андан ашуун суммага толуктоо зарыл. Мөөнөт өткөндөн кийин (үчүнчү күнү) насыянын суммасы баланстан автоматтык түрдө алынат.

Кайтадан насыя алуу мурда алынган насыянын мөөнөтү өтүп же сурам боюнча насыя төлөнгөндөн кийин гана мүмкүн.

* Кызмат лоялдуулук программасынын алкагында MegaCom түйүнүнөн дайыма пайдалануучу абоненттер үчүн көрсөтүлөт.

 

Сен «555 командасын» тандадың – Сен келечегиңди тандадың!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы