Перейти на новый сайт
MEGA24 тиркемесинде ЖРТга даярдангыла!

MEGA24 тиркемесинде ЖРТга даярдангыла!

Салтка айланып калгандай эле, MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Билим берүүдөгү окутуу усулдарын баалоо борбору менен биргеликте мобилдик телефонду колдонуу менен Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярданууга абитуриенттерге шарт түзөт.

MegaCom оператору ЖОЖго окууга ийгиликтүү тапшырууну, ЖРТдан даярдыктан өтүүнү каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө MEGA24 тиркемесинде кыргыз жана орус тилдеринде акысыз түрдө даярданууну сунуштайт.

Бул үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу жетиштүү:

  • Google Play же App Store’дон MEGA24 тиркемесин жүктөө;
  • «МегаПортал» бөлүмүнө кирип, андан кийин «Санарип мектепке» өтүп ал жактан «ЖРТга даярдануу» деген баннерди басуу.

Катталгандан кийин тапшырмалар ЖРТде бериле турган тапшырмаларга окшош болгон тестирлөөдөн өтө аласыңар.

Эске салсак, 2021-жылы Жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 23-майга чейин өтөт. Терстирлөөдөн эң жогорку балл алып, кыялыңардагы окуу жайга өтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбагыла.

Силердин билимиңер – ийгиликтүү келечектин өзөгү!

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы