Перейти на новый сайт

MegaCom’дун 15 жылдыгына карата белектер! Түйүндө бир жыл = 1 ГБ Интернет

MegaCom’дун 15 жылдыгына карата белектер! Түйүндө бир жыл = 1 ГБ Интернет

MegaCom’дун бардык абоненттери үчүн жагымдуу кабар! Ата-мекендик уюлдук оператордун 15 жылдык урматына компания майрамдык акция жүргүзөт.

MegaCom көп миллиондук «555» буйруусуна кошулган жеке жана корпоративдик абоненттердин ар бирине мааракелик белектерди – Интернет топтомдорун берет. Бонустун көлөмү сиз биздин түйүндүн кызматтарынан канча жылдан бери пайдаланып келгениңизден көз каранды. Тактап айтканда, MegaCom командасында болгон ар бир жыл үчүн 1 ГБ Интернет белекке тартууланат.

Белектер топтомун кошуу оңой! Бул үчүн 27-апрелден баштап 1-майды кошуп эсептеген күндөр аралыгында *400# USSD-буйруусун өз смартфонуңуздан терип же MEGA24 (App Store же Google Play’ден жүктөп алса болот) мобилдик тиркемесиндеги «Акция» бөлүмүндөгү бонусту активдештириңиз.

Интернет топтомдордун иштөө мөөнөтү – кошулган күндөн баштап 7 сутка.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы