Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы Ак калпак күнүн белгилөөдө башкы демөөрчү болду

MegaCom компаниясы Ак калпак күнүн белгилөөдө башкы демөөрчү болду

Жыл сайын 5-мартта Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленет. Бул майрам улуттук терең философияны камтыган, ата-бабалардын маданий мурасы деп саналган кыргыз мырзаларынын салттуу баш кийиминин урматына негизделген.

MegaCom кыргыз элинин салт-санаасынын сакталышы маанилүү деп эсептеп, бул майрамдын 10 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чарага демөөрчүлүк кылды.

Бүгүн, 4-мартта, борбордук «Ала-Тоо» аянтында уюлдук оператордун колдоосу менен Ак калпак күнүнө арналган масштабдуу иш-чара өттү. Улуттук кийим кийгендердин парады, салттуу кийимдердин көргөзмөсү, MegaCom’дун кызматкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын 200 метрлик желеги менен жүрүш миңге жакын кыргызстандыктын башын бириктирди.

Ак калпак күнүнүн урматына уюштурулган салтанат Манастын эстелигинин жанында орнотулган чоң сценада эстрада ырчыларынын майрамдык концерти менен жыйынтыкталды. 

Ата мекендик MegaCom уюлдук оператору кыргыз элинин уникалдуу салттарына, бай тарыхына аяр мамиле жасап, маданий, спорттук, билим берүү, экология жана башка социалдык багыттагы иш-чараларга колдоо көрсөтүү менен кыргызстандыктардын мекенчилдик сезимин күчөтүүгө өз салымын кошуп келет.

Фото: MegaCom, КТРК.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы