Перейти на новый сайт

Ак калпак күнүн MegaCom менен биргеликте майрамдаңыздар

Ак калпак күнүн MegaCom менен биргеликте майрамдаңыздар

Кыргызстанда 2011-жылдан тартып, дээрлик 10 жылдан бери майрамдалып келе жаткан Ак калпак майрамына арналган шаңдуу иш чарага баарыңыздарды чакырабыз.

MegaCom уюлдук оператору иш чаранын башкы өнөктөшү болмокчу.

Ак калпак жана башка улуттук кийим кече, ошондой эле ата-бабаларыбыздан калган маданий мурастарга арналган майрамдык иш чара 4-5-март күндөрү борбордук "Ала-Тоо" аянтында орун алат. Майрамдын расмий бөлүгү бүгүн, 4-мартта, саат 10:00дө башталат.

Иш чаранын алкагында 10 ак боз үйдүн курчоосунда жасалгаланган чоң сахнада маданият өкүлдөрү катышкан майрамдык концерт өтөт. Ошондой эле көрүүчүлөр улуттук кийимчендердин парады, кыргыз элинин улуттук костюмдарынын көргөзмөсү жана 200 метрлик чоң желек көтөрүлгөн жүрүшкө күбө болушмакчы.

Келиңиздер, майрам кызыктуу болот!

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы