Перейти на новый сайт
995 жаңы кодундагы кооз номердин ээси болуп, iPhone 12 утуп ал

995 жаңы кодундагы кооз номердин ээси болуп, iPhone 12 утуп ал

2020-жылдын 15-декабрынан тартып MegaCom мобилдик оператору түйүндүн артыкчылыктарын мындан да көп абоненттер колдонуусу үчүн жаңы 995 номер кодун ачып жатат.

Жаңы коддун киргизилишинин урматына MegaCom өзүнүн учурдагы жана жаңы абоненттеринин арасында «995-бактылуу» акциясын жарыялайт. Акцияга катышып, iPhone 12 мобилдик телефондорун же Xiaomi үй аба тазалагычын утуп ал.

Акция беш этаптан турат. Жалпы байге фондунда 5 Xiaomi үй аба тазалагычы жана 5 iPhone 12 бар. Ар бир этаптын 555-катышуучусу Xiaomi үй аба тазалагычына, ал эми этаптын 995-катышуучусу iPhone 12ге ээ болот.

Акцияга кантип катышса болот?

«Күмүш», «Алтын» же «Платина» категориясынан 995 коддуу номерди алган абонент автоматтык түрдө акциянын катышуучусу болот. 

Жеке абоненттер 995 кодундагы номерлерди компаниянын бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунан сатып алып же учурдагы номерин «Сенин номуруң» кызматынын жардамы менен алмаштырып алса болот. Ошондой эле абоненттер MEGA24 тиркемесинде жана компаниянын расмий сайтында жайгашкан «Номер тандоо» жаңы тейлөөсү аркылуу да жаңы коддуу номерди тандап, алмаштырып же ээлеп коё алат.

Ал эми корпоративдик абоненттер 995 кодундагы жаңы номерлерге корпоративдик иштер жана VIP-кардарлар боюнча бөлүмү аркылуу ээ боло алышат.

Маанилүү: сатып алынган номердин статусу канчалык жогору болсо, байге утуу мүмкүнчүлүгү да ошончолук жогору болот!

“995-бактылуу” акциясы 2021-жылдын 31-январына чейин уланат.

Катышуунун шарттары тууралуу толугураак - MEGA24 тиркемесинде.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы