Перейти на новый сайт
Мобилдүү бол! MegaCom MegaTaxi тейлөөсүн ишке киргизди

Мобилдүү бол! MegaCom MegaTaxi тейлөөсүн ишке киргизди

MegaCom уюлдук оператору MegaTaxi кызматын ишке киргизгенин кубануу менен кабарлайт.

Ыңгайлуу, ыкчам, пайдалуу жана жагымдуу кызматтан пайдалан! Автомобилди ыкчам дайындап берүү, транспорт каражатынын ыңгайлуулугу, жогорку деңгээлдеги тейлөө жана чөнтөккө чак жол кире акысы эң эле талабы күчтүү кардарларды да канааттандырат.

Биздин командада автоунаасынын техникалык абалы текшерүүдөн өткөн тажрыйбалуу жана ишенимдүү айдоочулар бар.

MegaTaxi'нин бардык жүргүнчүлөрү үчүн жагымдуу бонустар жана белектер каралган, компания тарабынан фирмалык сувенир продукциялары жана платина номерлерине утуштар ойнотулуп турмакчы.

MegaTaxi менен пайдалануунун бир нече жолдору бар:

  • MegaTaxi кыргыз жана орус тилдериндеги тиркемеси аркылуу (GooglePlay жана App Store'дон жүктөп алууга болот)
  • 5555 номерине телефон чалуу аркылуу (MegaCom'дун абоненттери үчүн).

MegaTaxi тиркемеси автоунаа буюртма кылуу жолун тез жана оңой кылып, көздөгөн жерге ыңгайлуу жана оптималдуу тариф менен жетип алууга шарт түзөт.

MegaTaxi - бул ылдам, ыңгайлуу жана ишенимдүү!

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы