Перейти на новый сайт

Онлайн-класска алгачкы кадам: MegaCom аралыктан окутуунун жыйынтыктарын чыгарды

Онлайн-класска алгачкы кадам: MegaCom аралыктан окутуунун жыйынтыктарын чыгарды

Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу орто мектептердин окуучулары  2019-2020-окуу жылынын  4-чейрегинде, 8-апрелден 30-майга чейин, аралыктан окуу форматында билим алууга аргасыз болушту.

MegaCom социалдык-жооптуу мекеме катары,  алгачкылардан болуп билим берүү тармагын колдоого алып, актуалдуу санариптик чечимдерди, инновациялык кызматтарды ишке  ишке киргизүү менен, өлкө жаштарынын онлайн түрдө билим алуусун шарттады.

Уюлдук оператор кыска мөөнөттүн ичинде «Мугалим 150» тарифин ишке киргизип, «Окутуучу», «Окуучу» жана «MegaСтудент» кошумча бонустук топтомдору аркылуу абоненттердин билим берүү тармагындагы керектүү контенттер менен чектөөсүз колдонуусуна өбөлгө түздү.

Башкача айтканда, компания Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердин 300 миңден ашык окуучуларын, мугалимдерин жана ЖОЖдордун студенттерин сапаттуу жана акысыз байланыш менен камсыздады.

«Альфа Телеком» ЖАК мугалимдер жана окуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин интернет сайттарын, 20дан ашык жергиликтүү жана чет элдик веб-ресурстарды ошондой эле аралыктан окутууга ылайыкташтырылган мессенжерлерди, электрондук сервистерди (Google Classroom, ЯКласс ж.б.)  жеткиликтүү кылды.

Аралыктан окутуу программасын колдоонун алкагында "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" аталган 2020-жылы MegaCom Mega24 тиркемесинде (Google Play жана App Store’дон жүктөп алууга жеткиликтүү) онлайн-видео сабактарды, билим берүү багытындагы телеканалдарды, санариптешкен адабияттарды көрүүнү жана колдонууну шарттаган «Мектеп» бөлүмчөсүн ишке киргизди.

MegaCom Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине видео сабактарды тартууга жана жайгаштырууга жардам көрсөтүп, муну менен катар «Газпром Кыргызстан» мектебинин демилгеси менен даярдалган, «Санат» телеканалынын, «Сапат» Кыргыз-Түрк лицейинин видео сабактарын Mega24 тиркемесинде жайгаштырды.

2 айга жетпеген убакыттын аралыгында  Mega24 тиркемесинин «Мектеп» бөлүмүнө киргендердин саны  3,92 миллионду түзгөн болсо, абоненттердин көпчүлүгү онлайн-билим алуу  үчүн уюлдук телефондорду колдонушкан (3,81 миллион көрүү). Билим берүү тармагындагы контенттин кызматынан саат 08:00ден 13:00гө чейин активдүү колдонуу байкалган.

Видео-сабактарды 313 миң жолу көрүшкөн жана аталган  контентти көрүү убактысы жалпы 1,5 миллион мүнөт же 26,1 миң сааттан ашкан.

Мындан тышкары,  MegaCom  абоненттери тиркеме аркылуу билим берүү багытындагы контент болгон «ЭлТР», «Пирамида», «5-канал», «Баластан» жана «Илим Билим» телеканалдарын көрүп жатышты. Mega24 тиркемесинин жардамы менен ата мекендик телеканалдарды көрүүнүн жалпы саны 570 миңди түзгөн.

Билим берүү жана илим министрлиги, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен биргеликте MegaCom компаниясы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Mega24 тиркемеси аркылуу ЖРТга даярданууга жана билим деңгээлин текшерүүгө шарт түздү. Бул мүмкүнчүлүктү колдонуу менен,  тесттен өзүн сынап көрүүнү каалагандар саны 37,7 миңге жеткен.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы