Перейти на новый сайт
Жалпы республикалык тестирлөөгө Mega24 тиркемеси менен даярдан!

Жалпы республикалык тестирлөөгө Mega24 тиркемеси менен даярдан!

MegaCom компаниясы өлкөдөгү мектеп бүтүрүүчүлөрүнө эң ыңгайлуу шарт түзгөнүн маалымдайт. Компания КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен биргеликте билим берүү процесстеринен артта калбаганга жана жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярданууга уникалдуу мүмкүнчүлүктү түздү.

Өлкөдөгү жогорку окуу жайларга тапшырууну ойлонуп жаткан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга даярданууга Mega24 тиркемеси сунушталат. Тиркемеден бүтүрүүчүлөр орус жана кыргыз тилдеринде даярдана алышат.

Бул үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  • Google Play/App Store’дон Mega24 тиркемесин көчүрүү же жаңылоо;
  • “Мектеп” бөлүмүнө өтүү;
  • ЖРТга даярдануу.

“Түзүлгөн мыкты шарттан пайдаланып жогорку окуу жайга бюджеттик негизде өтүүгө мүмкүнчүлүгүңүздү арттырыңыз. Анткени бүтүрүүчү көп балл алган учурда өлкөдөгү жогорку 30 окуу жайы эшигин ачууга даяр!”, - деп билдирет MegaCom компаниясы.

Ийгилик жолуна MegaCom менен биргеликте аттаныңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы