Перейти на новый сайт
Бир айга түнкү акысыз Интернет жана Орозо айынын онлайн-календары Mega24 тиркемесинде

Бир айга түнкү акысыз Интернет жана Орозо айынын онлайн-календары Mega24 тиркемесинде

MegaCom кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктайт. Орозо айы ар бирибизди мээримдүүлүккө, кайрымдуулукка үндөйт, ушул айда тилеген тилектерибиз аткарылып, жан дүйнөбүз аруу сезимдерге, жакшы ойлорго, бактылуу сезимдерге толот. Орозо күндөрүн учурдагы абалга байланыштуу киргизилген тартипти жана эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү Сиздерден суранабыз. Кыргызстанда киргизилген өзгөчө абал режими токтотулганга чейин карантин нормаларын сактайлы, өз ден соолугубузду, жакын адамдарыбыздын, жалпы эле мекендештерибиздин өмүрүн тобокелге салбайлы, үйүбүздө бололу!

MegaCom компаниясы, Рамазан айынын урматына, «Чексиз түн»* тарифтик опциясын акысыз колдонуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. «Чексиз түн» тарифтик опциясынын алкагында бир ай бою саат 00:00 дөн 08:00гө чейин мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкта чектелбеген көлөмдөгү интернетти колдонуу, MegaCom түйүнүнүн ичинде чалуу аткаруу жана SMS жөнөтүү акысыз!

Тарифтик опцияны Mega24 тиркемесинде кошуп алууга болот. Бул үчүн Mega24 (Google Play жана App Store аркылуу жеткиликтүү) тиркемесин жүктөп же жаңылап алуу жетиштүү. Анда эмесе, «Портал» бөлүмүнө өтүңүз, акция тууралуу маалымат жайгаштырылган баннерди, андан кийин «Кошуу» баскычын басыңыз.

Мындан тышкары, MegaCom компаниясы Mega24 мобилдик тиркемесинде электрондук Орозо календарын ишке киргизди. Онлайн-календардан ооз ачуу жана ооз бекитүү маалы, ошол убакта айтылуучу дубалар, намаз окугандар үчүн атайын жүгүртмө сыяктуу керектүү маалыматтарды таба аласыз.

MegaCom мобилдик оператору кыргызстандыктарга жаркын келечек, бейпил жашоо жана ынтымак - ырашкерлик каалайт.

*2020-жылдын 26-майынан тарта «Чексиз түн» тарифтик опциясынын абоненттик төлөмү күнүнө 5 сомду түзөт. Тарифтик опцияны бардык тарифтик пландар, анын ичинде #Суперыңгайлуу түркүмүнүн тарифтик пландары менен бир учурда колдонууга мүмкүн. Тарифтик опциянын шарттары менен таанышууну кааласаңыз, шилтеме боюнча өтүңүз.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы