Перейти на новый сайт
MegaPay мобилдик капчыгынын "Чек талап кыл" функциясын колдонуп батир утуп ал

MegaPay мобилдик капчыгынын "Чек талап кыл" функциясын колдонуп батир утуп ал

MegaCom компаниясы 2020-жылдын 6-мартында MegaPay мобилдик капчыгынын колдонуучулары арасында "Мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба" шыктандыруучу лотереясын ишке киргизген. Анда 200дөн ашык баалуу байгелер жана анын ичинде "Альфа Телеком" ЖАКтын өнөктөшү "Оргтехстрой" курулуш компаниясынан Ысык-Көлдөгү "LAZURIT" турак жай комплексинен батир ойнотулат.

"Мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба" лотереясы мамлекеттик санарип кызматтарды калк арасында жайылтууга багытталган. "Чек талап кыл" функциясы MegaCom компаниясынын Мамлекеттик салык инспекциясы менен болгон тыгыз иштешүүсүнүн жыйынтыгы болуп саналат.

Лотереяга катышуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  • сатылып алынган товар үчүн жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн онлайн көзөмөл касса машинасынын чегин алуу;
  • Google Play жана App Store'дон MegaPay тиркемесин жүктөп алуу;
  • QR-коду бар фискалдык чектерди сканерлеп алуу. Эсиңиздерде болсун! Чек булганбаган, бырышпаган, QR-коду даана окула турган болуусу шарт;
  • чогулган упайларды купонго алмаштыруу (2000 упай = 1 купон).

"Мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба" лотереясы ушул жылдын 30-ноябрына чейин уланат. MegaCom лотереянын өнөктөштөрү менен биргеликте төмөнкүдөй баалуу байгелерди ай сайын ойнотуп турат:

  • MegaCom компаниясынын "Алтын" категориясындагы номерлерин;
  • бир жыл бою MegaCom компаниясынын чектөөсүз интернет топтомдорун;
  • "Газпромнефть" май куючу станциялар түйүнүнөн 100 литр бензинге тастыктамалар;
  • "Оргтехстрой" ААКсынан 200 миң жана 400 миң сомго арзандатып батир алууга мүмкүн болгон тастыктамалар;
  • Izishop онлайн дүкөнүнөн 5000 сомго тастыктамалар.

Байгелердин бактылуу ээлери кокустан тандоо генераторунун жардамы менен аныкталат.

"Оргтехстрой" компаниясынын "LAZURIT" турак жай комплексинен коюлган батирди ойнотуучу "Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба" лотереясынын финалдык этабы 2020-жылдын 11-декабрында ишке ашырылат.

Лотерея тууралуу толук маалымат MegaPay мобилдик тиркемесинен, MegaCom Компаниясынын официалдуу сайтынан жана *500 номерине чалып билсеңиз болот.

Чектерди MegaPay аркылуу сканерлеңиз, төлөмдөрдү жүргүзүп, упайларды топтоңуз. Унутпаңыз, купонуңуздун саны канчалык көп болсо, сонун байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүгүңүз жогору болот!

 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы