Жол кыймылынын эрежесин бузууда айыпты тез жана ыңгайлуу шартта MegaCom терминалдары аркылуу төлөө
Автоунаада жол эрежесин бузуп алган болсоңуз, MegaCom фирмалык терминалдары аркылуу каалаган убакта, айыпты кезексиз төлөсөңүз болот.
Айып төлөөдө каражатты кабыл алуучу тарап, төлөмдү дароо кабыл алат.
Компаниянын фирмалык түстөрүндөгү аппараттарды оңой эле айырмалоого болот жана алар адамдар көп болгон жерлерде орнотулган. Учурда Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда MegaCom терминаладры бар, алар аркылуу айыптан тышкары жалпысынан 300 дөн ашык кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүн, алар: коммуналдык кызматтар, телеберүү, интернет, маалымдама үчүн төлөм, электрондук капчыкты толуктоо, насыя үчүн төлөм ж.б. MegaCom абоненттери телефон байлынышы үчүн балансын комиссиясыз толуктай алышат. Жакын жерде жайгашкан терминалды компаниянын расмий сайтынан жана 2ГИС маалымат берүү кызматы аркылуу https://go.2gis.com/ucutj (Бишкек шаары) https://go.2gis.com/yrnou (Ош шаары) таба аласыз.