Перейти на новый сайт
MegaCom Кыргызстанда eSIM технологиясын ишке киргизүүдө

MegaCom Кыргызстанда eSIM технологиясын ишке киргизүүдө

MegaCom компаниясы Кыргызстандын телекоммуникациялык тармагында алгачкылардан болуп eSIM технологиясын (планшетке, смартфонго же акылдуу саатка орнотулган жана кадимки сим-картаны алмаштырган модуль) тестирлөөдөн өткөрдү. Аталган технология мобилдик оператордун түйүнүнө USIM-карта стандартындагы SIM-картасыз эле кошулууга мүмкүнчүлүк түзөт. Азыркы учурда мобилдик оператор бул технологияны коммерциялык ишке киргизүүгө даярдык көрүүдө. Учурда eSIM технологиясын биринчилерден болуп колдонуп жаткан абоненттер да бар.

«eSIM колдонуудагы түзмөктөрдүн жаңы стандарты болуп эсептелет жана  GSM Ассоциациясынын маалыматына ылайык, 2025-жылга чейин кеңири колдонула баштамакчы. Бул технология  бардык түзмөктөрдө, жаңы унааларда Интернет буюмдарынын түзмөктөрүндө(IoT) колдонула тургандыгы күтүлүүдө. eSIM (англ. тилинен которгондо embedded SIM – орнотулган SIM-карта) смартфонго, планшетке, «акылдуу» сааттарга же өндүрүү этабындагы башка каалаган түзмөккө ылайыкташтырылган SIM-картаны билдирет. Ал төмөндөгүдөй жол менен иштейт: тарифтик планды же телефондун номерин алуу үчүн eSIM түзмөгүнүн колдонуучусу Оператордун  QR-кодун сканерлеп алса болот, андан кийин уюлдук байланыш менен колдонуу  үчүн тескөөлөр  eSIM-ге жазылат(кийин бир нече жолу жазуу мүмкүнчүлүгү менен). Мүнун  эсебинен электрондук түзмөктөрдүн колдонуучулары кеңири  мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.», - деп белгилейт MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов.

MegaCom сунуштап жаткан eSIM технологиясынын негизги артыкчылыктары:

  • Байланыш операторун тандоо эркиндиги;
  • 2 же андан ашык номерди колдонуу (бир симкалуу телефон болгон учурда да);
  • eSIM тарифтери үчүн кошумча төлөмдөрдүн болбогондугу ( Кошуу үчүн MegaCom компаниясынын кеңири таралган жана ыңгайлуу тарифтери гана  жеткиликтүү);
  •  SIM-картага зыян келтирип алуу же жоготуп алуу тобокелчилигинин жоктугу;
  • КРдин аймагынан чыккан учурда SIM-карта сатып алуу үчүн физикалык слотту колдонуу мүмкүнчүлүгү.  

eSIM технологиясы сервистин сапатын жогорулатууга жана тейлөо процессин ылдамдатууга шарт түзөт. eSIM технологиясын колдогон телефондордун, сааттардын же планшеттердин үлгүлөрү:

  • смартфондор: iPhone XS, XS MAX, XR, 11, 11 Pro, 11 Pro Max,
  • Google Pixel смартфондору,
  •  Samsung  «акылдуу» сааттары ,
  •  Apple Watch «акылдуу» сааттары (үчүнчү жана төртүнчү сериялары),
  •  iPad Air 3, iPad mini 5, iPad Pro планшеттери (үчүнчү версиясы),
  •  Huawei Watch 2 Pro сааты,
  • Microsoft Surface Pro 5 жана 6 планшеттери.

eSIM технологиясы АКШ, Европа өлкөлөрүндө жана дүйнө жүзүнүн башка мамлекеттеринде кеңири колдонулуп келет. Жакынкы арада кыргызстандыктар үчүн да бул жаңы  функционалды өз түзмөктөрүндө толук кандуу колдонуу мүмкүнчүлүгү тартууланмакчы.  Активдештирүү MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунда бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү болот.

 

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы