Перейти на новый сайт
MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

Урматтуу абоненттер, 16.01.20-ж. тарта топтомдорду колдонуу шарттарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилет:

- Сизге ыңгайлуу болуш үчүн, «#Суперыңгайлуу» тарифтик планынын алкагында «Суперыңгайлуу баарлашуулар  190» топтомун  жаңылоо үчүн баланста каражат жетишсиз болсо,  наркы  10 сом болгон суткалык топтом активдүү болот жана төмөнкү шарттар берилет: түйүн ичинде 100 мүнөт жана 10 SMS, 250 МВ интернет-трафик (баланстагы  каражат 10,01 сомдон кем  болбогон учурда). Суткалык топтомду өчүрүү буйруусу: *778#0#. 

- «Суперыңгайлуу баарлашуулар  190» топтомунун алкагында суткасына 500МБ интернет-трафик бирдей көлөмдө берилет: күндүз – 250МБ, түнкүсүн – 250МБ.

- «Суперыңгайлуу баарлашуулар  190» топтомунун аракет мөөнөтү  28 күндү түзөт.

- «Суперыңгайлуу баарлашуулар 60» жана «Суперыңгайлуу аймактык 80» топтомдорун кошуу жана аларга өтүү аракеттеги жана жаңы абоненттер үчүн жеткиликтүү болбойт.

- «Суперыңгайлуу баарлашуулар 190» топтомунун алкагында «Бактылуу сааттар», «Instagram» жана  «WhatsApp» тарифтик опциялары жеткиликтүү болбойт жана «Суперыңгайлуу баарлашуулар 190» топтомун кезектеги жолу жаңылоодо, же болбосо тарифтик опциялардын аракет мөөнөтү аяктагандан кийин өчүрүлөт.

Эгерде «Суперыңгайлуу баарлашуулар 190» топтомунун алкагында Сизге интернет жетишпесе,          чоң көлөмү менен топтомду  super.megacom.kg сайтынан тандап алсаңыз болот.

Толугураак *500.

Мындан тышкары,  16.01.20-ж. тарта «#Суперыңгайлуу» тарифтик планынын «Суперыңгайлуу баарлашуулар 190» топтомунун алкагында акция аяктай тургандыгын эскерте кетебиз.

Абоненттик төлөм 28 күнгө 190 сомду түзөт.

Толугураак *500.

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы