Перейти на новый сайт
MegaCom үчүн сапат ар дайым алдыңкы орунда

MegaCom үчүн сапат ар дайым алдыңкы орунда

2019-жылдын сентябрь айында MegaCom компаниясында ISO 9001:2015 эл аралык стандарты боюнча ресертификациялык аудит өткөрүлүп, натыйжада тышкы аудиторлор тарабынан компанияга эл аралык тастыктама берүү чечими кабыл алынды.

 Аудиттин жүрүшүндө сапатты көзөмөлдөө жаатында дүйнө жүзүнө белгилүү болгон TÜV International Certification (TIC)  MegaCom компаниясынын ишмердүүлүгү  ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын талаптарына шайкеш келе тургандыгын тастыктады. Аудиторлор абоненттерди тейлөөдөгү, өнөктөштөр менен иш алып баруудагы, сатып алууларды иш жүзүнө ашыруудагы, байланыш кызматтарын көрсөтүүгө коюлган техникалык талаптарды жана келишимдик милдеттенмелерди аткаруудагы мыкты  сапатты  баса белгилей кетишти.

MegaCom компаниясы сапаттык менеджмент тутумунун дүйнө жүзү боюнча кабыл алынган принциптерине ылайык жана абоненттеринин мүдөөлөрүнө шайкеш кызмат көрсөтүп келет. Компания сапаттык менеджмент тутумун бизнестин өндүрүмдүүлүгүн арттыруунун негизги багыты катары баалайт.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы