Перейти на новый сайт

Эми MegaPay тиркемесинде онлайн-дүмүрчөктөр да жеткиликтүү

Эми MegaPay тиркемесинде онлайн-дүмүрчөктөр да жеткиликтүү

Эми  MegaPay  мобилдик тиркемесинде «СеверЭлектро Бишкек»* жана «Газпром Кыргызстан» тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар боюнча карыз тууралуу  реалдуу убакыт шарттамында оңой эле маалымат алууга болот. Мындан тышкары, «Көрсөткүчтөрдү  берүү» баскычынын жардамы менен газ эсептегичинин учурдагы көрсөткүчүн жөнөтүү да жеткиликтүү.

Бул үчүн төмөндөгү аракеттерди аткаруу керек:

  • башкы менюдагы «Бардыгы» бөлүмчөсүнө кирүү;
  • «СеверЭлектро» же «Газпром Кыргызстан» сервисин басуу;
  • жеке эсепти жана аты-жөнүн киргизүү.

Өздүк эсептин туура киргизилгендигин текшергенден кийин электр энергиясы же газ үчүн карыздын суммасы тууралуу маалымат чагылдырылат жана  аны тиркеме аркылуу ошол замат эле төлөөгө мүмкүнчүлүк бар. Аткарылган операциялар тууралуу маалымат «Төлөмдөрдүн тарыхында» сакталат, жана да каалаган учурда дүмүрчөк чыгарып алууга болот. Эң башкысы, эми сиз коммуналдык кызматтардын төлөмдөрүн көзөмөлдөй аласыз.

Ыңгайлуу тиркемени колдонууну каалайсызбы? Анда эмесе, Google Play Market же App Store аркылуу өз телефонуңузга акысыз орнотуп алыңыз.

MegaPay – сиздин ишенимдүү жардамчыңыз.

*Cервис Бишкек шаарынын Свердлов, Ленин жана Октябрь райондорунун тургундары үчүн жеткиликтүү.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы