Перейти на новый сайт
MegaCom GSMA Mobile 360 – Евразия 2019 конференциясында

MegaCom GSMA Mobile 360 – Евразия 2019 конференциясында

Учурда Москва шаарында өтүп жаткан GSMA Mobile 360 – Евразия 2019 эл аралык конференциясына MegaCom компаниясынын өкүлдөрү да катышып жатат. Аталган иш-чарада санариптик экономиканы аймактык деңгээлде калыптандыруу, 5G коммерциялык түйүндөрүн ишке киргизүү маселелерине басым жасалууда.

Конференция дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөрдүн мамлекеттик жана жеке секторлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда экинчи жолу өткөрүлүп  жатат. Мындай мүнөздөгү тармактык иш-чараны өткөрүү жаңы инновациялар, заманбап технологиялар тармагына тиешелүү маселелерди талкуулоо үчүн мыкты өбөлгө боло ала тургандыгы шексиз. 

Бул конференцияга катышуу − MegaCom компаниясы үчүн мыкты табылга. Тактап айтканда, бешинчи муун түйүнүн өнүктүрүү жана ишке киргизүү боюнча  баалуу тажрыйбага ээ болгон Евразия өлкөлөрүнөн келген катышуучулар менен таанышуу үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк.

«Азыркы учурда 5G технологиясы дүйнө жүзүндөгү дээрлик бардык өлкөлөрдүн кызыгуусун арттырууда. Албетте, Кыргызстан да бул маселени көз жаздымда калтырбай келет. Азыркы учурда дүйнө рыногун, дүйнөлүк экономиканы жаңы муундагы технологияларсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Жакын арада кеңири кулач жая турган түйүндү коммерциялык ишке киргизүү үчүн жетиштүү билим жана  тажрыйба керек. Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарадан  коомчулукка  таанымал болгон эксперттерди жолуктуруп, алар менен жаңы инновациялар жана технологиялар, санарип экономиканын өнүгүшү тууралуу пикир алмашып жатабыз», − деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Mobile 360 – Евразия 2019 программасына мобилдик технологияларга, анын ичинде 5G технологиясын ишке киргизген операторлордун тажрыйбаларына байланыштуу маселелер камтылган. Мындан тышкары, киберкоопсуздук, жасалма интеллект, акылдуу шаарлар, интеллектуалдуу мобилдүүлүк боюнча суроолорго жооп алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы