Перейти на новый сайт

MegaCom мамлекеттик тил адистерин майрамы менен куттуктады

MegaCom мамлекеттик тил адистерин майрамы менен куттуктады

Мамлекеттик тил күнү Кыргызстанда 23-сентябрда белгиленип келет. Быйыл эне тилибиздин мамлекеттик тил макамын алгандыгына 30 жылдын жүзү болду. MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте көрүнүктүү лингвист-тилчилердин, акындардын, котормочулардын катышуусунда  атайын салтанаттуу жыйын өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө чыгаан тилчи адистердин  кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан бараандуу салымы баса белгиленип, компания тарабынан даярдалган белектер − MegaCom компаниясынын фирмалык топтому, Константин Юдахиндин кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча 2 томдугу тапшырылды. Айтмакчы, бул баалуу сөздүктөрдү кайрадан басып чыгаруу мобилдик оператордун колдоосу менен ишке ашырылган.

«MegaCom компаниясы менен көп жылдан бери калыптанган кызматташтык алакадабыз. Ири ишкер ишкананын кыргыз тилин өнүктүрүү маселесин көз жаздымда калтырбай, өз салымын кошуп жаткандыгы, албетте,  кубандырбай койбойт. Өз өмүрүн, эмгек жолун  мамлекеттик тил үчүн арнаган тилчилерибизге атайын көңүл буруп, алардын эмгегин баалап, аларга майрамдык маанай  тартуулагандыгы  үчүн уюлдук операторго терең ыраазычылык билдиребиз. Мындай кадам тилчилерибизди шыктандыра тургандыгы бышык», − деп белгилей кетти Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев.

Мындан тышкары, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан  кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы үчүн мобилдик оператордун кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Компаниянын котормочусу Молдогазиева Сүйүн “Кыргыз тили” төш белгиси жана кыргыз тилиндеги жарнамалар, тексттер менен иш алып барган Иптаров Адил Ардак грамота менен сыйланышты.

Ата Мекендик мобилдик оператор үчүн улуттук баалуулуктарыбыз,тилибиз, маданиятыбыз өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта MegaCom тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылган бир катар долбоорлорду белгилей кетүүгө болот. Маселен, кыргыз эл ырларынын жыйнагын, маалымат-коммуникациялык технологиялар боюнча жогорку класстардын окуучулары үчүн усулдук колдонмолорду басып чыгарууга, “Кыпкыргызча” сайтын ишке киргизүүгө, окутуучулар арасында сабактардын мыкты иштелмелерин иштеп чыгуу боюнча сынак өткөрүүгө (жеңүүчүлөрүн  сыйлоо) ж.б. көмөк көрсөткөн.

Компанияда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү колго алынып, ишке ашырылып келүүдө. Кызматкерлер үчүн кыргыз тилин окутуу боюнча тренингдер да өткөрүлүп турат.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы