Перейти на новый сайт

MegaCom: Бир катар чет өлкөлөрдө роуминг кызматтарына баалар төмөндөтүлдү

MegaCom: Бир катар чет өлкөлөрдө роуминг кызматтарына баалар төмөндөтүлдү

MegaCom компаниясы билим алуу, иштөө же эс алуу максатында кыргызстандыктар байма-бай каттаган бир катар өлкөлөрдө мобилдик байланышка жана интернетке болгон баалардын төмөндөгөндүгүн кубануу менен билдирет.

Эми Etisalat (БАЭ), Geocell (Грузия), Bell Mobility, Telus (Канада), T-Mobile (АКШ) жана Moldtelecom (Молдова) байланыш операторлорунун түйүндөрүндө мобилдик интернеттин 1 мегабайтынын жана  SMSтин наркы 5 сомду түзөт. Etisalat (БАЭ) түйүнүндө бардык багыттар боюнча, анын ичинде Кыргызстанга чыккан чалуулардын наркы 25 сомго чейин төмөндөтүлдү. Грузиядан, Канададан, АКШдан же Молдовадан мекениңдеги жакындарыңа төмөндөтүлгөн тарифтөө – 50 сом менен чалсаң болот. 

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагынан тышкары жүргөн абоненттердин үн байланышы жана мобилдик интернет кызматтары менен ыңгайлуу колдонуусу алдыңкы орунда турат. Бул максатта роуминг-өнөктөштөрдүн санын көбөйтүүгө басым жасалууда. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн, төмөндөгүлөргө токтоло кетели.

Маселен, эми MegaCom абоненттери SingTel Optus Pty Limited (Австралия) жана Geocell (Грузия) операторлорунун түйүндөрүндө интернет-роуминг менен колдоно алышса, ал эми Vodafone Espana S.A. (Испания) түйүнүндө кийин төлөнүүчү роуминг жеткиликтүү болуп калды.

Чет өлкөлөргө сапарга чыгуунун алдында Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна кайрылыңыз да, роумингди кошуп алыңыз. Өз номуруңузду алмаштырбастан жакындарыңызга чалып, билдирүүлөрдү жөнөтүп, социалдык тармактарда постторду жарыялап, сүрөттөрдү жайгаштырып жана  жагымдуу таасирлериңиз менен бөлүшүңүз!

Роуминг-өнөктөштөрдүн тизмеси жана роуминг кызматтарынын шарттары менен megacom.kg расмий сайтынан таанышууга болот.

MegaCom — чексиз баарлашуу!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы