MegaCom "Бардыгы кошулган" тарифтик планына кошулуунун жабыла тургандыгы жөнүндө маалымдайт.
Урматтуу абоненттер!
«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) 19.07.2019-ж. тарта «Бардыгы кошулган» жеке тарифтик планына кошулуунун жабыла тургандыгы жөнүндө маалымдайт.
Абоненттер өздөрү каалаган башка тарифтик планга (аракеттеги) кошула алышат. Толук маалыматты *500 номуру аркылуу алууга болот.