Перейти на новый сайт

MegaCom: «Чет элдик» опциясы менен чет өлкөлөргө чалуулардын наркы 0,99 сомдон тарта эсептелет

MegaCom: «Чет элдик» опциясы менен чет өлкөлөргө чалуулардын наркы 0,99 сомдон тарта эсептелет

MegaCom компаниясы «Чет элдик» тарифтик опциясын ишке киргизди. Аталган тарифтик опция дүйнө жүзүнүн 30дан ашуун өлкөсүнө чалуулар үчүн ыңгайлуу бааларды сунуштайт. Жаңы сунуш чет өлкөдөгү жакындары менен байма-бай баарлашып турган абоненттер үчүн эң сонун табылга болмокчу.   

Тактап айтсак, опциянын  алкагында  Израиль, Италия жана Улуу Британия өлкөлөрүнө чалуунун наркы 0,99 сомду, Германия, Индия, Түштүк Корея жана Японияга чалуу 1,99 сомду түзсө, АКШ жана Канада өлкөлөрүнө чалуу наркы болгону 1,9 сомду түзөт. 

«Чет элдик» опциясы менен чет өлкөлөргө чалууларга сарпталуучу каражаттарды үнөмдөөгө болот. Россияга жана Кытайга чалуунун 1 мүнөтү 1,9 сомдон, Казакстанга чалуу 2,99 сомдон тарта тарифтелет.

Опцияны *966*1# кыска буйруусунун жардамы менен кошуп алыңыз. Мындан тышкары, компаниянын Сатуу жана тейлөө борборлорунда  жана Корпоративдик жана VIP кардарлар менен иш алып баруу бөлүмүнө кайрылсаңыз да болот. Кошуу – 0 сом, абоненттик  төлөм жок.  

«Чет элдик» жаңы опциясы менен аралыктан көз карандысыз жана каалаган учурда жакындарыңызга, досторуңузга жана кесиптештериңизге ыңгайлуу баада чалыңыз.

Толук маалымат «Опциялар» бөлүмүндө. Шилтемени басыңыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы