Перейти на новый сайт
MegaCom мобилдик оператору кайрадан «Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү» наамынын ээси

MegaCom мобилдик оператору кайрадан «Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү» наамынын ээси

Бүгүн, 2019-жылдын 1-июлунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы (КР МСК) өлкөбүздүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады. Мыкты салык төлөөчүлөр ачык-айкын жана сабаттуу ишкердик жүргүзүүгө боло тургандыгын өз  мисалында көрсөтө алышты. Тизменин сап башында  «Альфа Телеком» ЖАК да бар.

 Өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө, бюджеттин кирешелүү бөлүгүн калыптандырууга кошуп жаткан салымы үчүн, жана да 2018-жылдын жана 2019-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниет аткаргандыгы үчүн MegaCom компаниясы бул наамга татыктуу болду.

Эсиңиздерге сала кетсек, «Мыкты салык төлөөчү» наамын компания алгачкы жолу  2008-жылы алган.

MegaCom мобилдик операторунун акцияларынын 100 пайызы мамлекетке тиешелүү экендиги баарыбызга белгилүү. Компания иштелип табылган ар бир сомунун эсебинен мамлекетке салык төлөп, мугалимдерди, дарыгерлерди, аскер кызматкерлерин, маданият тармагынын кызматкерлерин пенсия, жөлөк пул, айлык акы менен камсыз кылууга бараандуу үлүшүн кошуп келет.

MegaCom компаниясын өз уюлдук оператору катары тандоо – бул сапаттуу байланыш кызматтарынан пайдалануу гана эмес,  өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымын кошуу. Компаниянын өз абоненттерине сапаттуу байланыш кызматтарын көрсөтүп келе жаткандыгына 13 жылдын жүзү болду. Бул убакыттын аралыгында уюлдук оператор  сапаттык менеджменттин эл аралык стандарттарына ылайык ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы