Перейти на новый сайт

MegaCom терминалдары аркылуу коммуналдык кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү оңой

MegaCom терминалдары аркылуу коммуналдык кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү оңой

Өз убактыңызды баалаңыз! Суу, газ, жылуулук берүү сыяктуу коммуналдык кызматтары үчүн MegaCom фирмалык терминалдарынын жардамы менен акы төлөңүз. Эң башкысы – ылдам, оңой, кезек күтүүсүз жана каалаган ыңгайлуу учурда.

Бул үчүн төмөндөгү иш-аракеттерди аткаруу зарыл:

  • «Коммуналдык төлөмдөр» бөлүмүн тандоо;
  • Зарыл болгон кызматты табуу жана маалымдаректерин киргизүү;
  • Акча кабыл алгычка акчаны киргизүү жана төлөмдү тастыктоо;
  • Төлөмдү тастыктаган чыптаны алуу. Төлөм алуучуга ошол замат жеткирилет.

Мобилдик оператордун төлөм терминалдарында кызматтар үчүн акыны 24/7 шарттамында, ыңгайлуу убакта жана саналуу мүнөттөрдүн ичинде аткарыңыз. 300дөн ашык кызматтар үчүн акы төлөө мүмкүнчүлүгү каралган жана аларга: коммуналдык кызматтарды, үй телеберүүсүн, интернетти, домофондорду тейлөө борборлорун, бала бакчаларды кошууга болот. Мындан тышкары, MegaPay мобилдик капчыгын жана MegaCom байланыш кызматтары үчүн телефондун балансын комиссиясыз толуктаңыз.

MegaCom фирмалык терминалдарынын даректери компаниянын расмий сайты, жана да 2ШМС маалымдамасы аркылуу  https://go.2gis.com/ucutj (Бишкек ш.) жана https://go.2gis.com/yrnou (Ош ш.) шилтемелери боюнча алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы