Перейти на новый сайт
MegaCom терминалдары аркылуу кызматтар үчүн акы төлөө ыңгайлуу

MegaCom терминалдары аркылуу кызматтар үчүн акы төлөө ыңгайлуу

MegaCom компаниясынын жеке төлөм терминалдары тууралуу билгиңиз келеби? Кеп учугун ушул түзмөктөр тууралуу улай кетсек. Уюлдук оператордун фирмалык түстөрүндө жасалгаланган түзмөктөр аркылуу 300дөн ашык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде байланыш кызматтары үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот. 

MegaCom терминалдары – өзүн-өзү тейлөөнүн  жөнөкөй жолдорунун бири. Түзмөктөрдүн төмөндөгүдөй  артыкчылыктары бар:

  • Бишкек, Ош шаарларынын жана  Чүй облусунун айылдарынын колдонуучулар үчүн  жеткиликтүү жана ыңгайлуу болгон жайларында жайгаштырылган;
  •  кызматтарды 24/7 шарттамында төлөө мүмкүнчүлүгү;
  •  ыңгайлуу убакта жана саналуу мүнөттөрдүн ичинде коммуналдык кызматтар, үй телеберүүсү, интернет, домофондорду тейлөө борборлору, бала бакчалар, насыялар ж.б. үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк  түзө турган жөнөкөй жана түшүнүктүү интерфейс;
  • MegaPay мобилдик капчыгын жана MegaCom байланыш кызматтары үчүн телефондун балансын комиссиясыз толуктоо;
  • жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузуу, паспорт алуу, соттолбогондук тууралуу маалымкат алуу, катталуу жана каттоодон чыгуу, жер салыгы, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгы, айдоочунун күбөлүгүн алуу сыяктуу 100дөн ашык кызмат үчүн мамлекеттик уюмдардын пайдасына акы төлөө;
  • төлөм алуучулардын төлөмдөрдү ошол замат алуусуна кепилдик.

Кызмат үчүн төлөм жүргүзүүдө төмөндөгү аракеттер аткарылат: төлөм алуучунун маалымдаректерин тактоо (эсептешүү эсеби, телефон номуру же СИН) жана түзмөктүн акча кабыл алуучу бөлүгүнө зарыл болгон сумманы киргизүү. Транзакциянын ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын терминал тарабынан берилген чыпта тастыктайт.

MegaCom фирмалык терминалдарынын даректери тууралуу маалыматты компаниянын расмий сайты, жана да 2ШМС маалымдамасы аркылуу https://go.2gis.com/ucutj (Бишкек ш.) жана https://go.2gis.com/yrnou (Ош ш.) шилтемелери боюнча алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы