Перейти на новый сайт

MegaCom: 755 жана 999 коду менен номурларды тандап алсаңыз болот

MegaCom: 755 жана 999 коду менен номурларды тандап алсаңыз болот

Өз номуруңузду жаңы коду менен номурга алмаштырууну каалайсызбы? Бул абдан оңой. Ал гана эмес, жаңы  SIM-карта сатып алуунун да зарылчылыгы жок. Болгону  MegaCom компаниясынын «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо» кызматтарын колдонуу жетиштүү. Сиз үйүңүздөн же кеңсеңизден чыкпастан эле, жаңы коду менен,жана да өзүңүз каалаган сандардын ыраатынан турган номурдун ээси болуп каласыз!

«Сенин номуруң» кызматы MegaCom-дун  каалаган коду менен бош номурларды тандап алууга мүмкүнчүлүк берет. Маселен, жаңы 0999, 0755, жана да  0550, 0551, 0552, 0553, 0554, 0555, 0556, 0557, 0559 коддору!

Кызматтан колдонуу үчүн аткарылуучу аракеттер:

  • Номурду тандоо буйрууларын териңиз: *250*055Ххххххх# же *250*0755хххххх#, *250*0999хххххх# (0 сом).
  • Номурду алмаштыруу буйруусун териңиз: *250*1*055Ххххххх#чалуу же *250*1*0755хххххх#, *250*1*0999хххххх# (25 сом).
  • Баштапкы номуруңузду акысыз кайтарып алсаңыз болот. Бул учурда номурду алмаштыргандан кийин 24 сааттын ичинде *250*0#буйруусун териңиз.

Мындан тышкары, «Номурду брондоо» кызматынын жардамы менен үйүңүздөн же кеңсеңизден чыкпастан туруп эле, тандалган номурду 10 күнгө ээлеп койсоңуз болот.   USSD-буйруулар: *250*2*055Ххххххх# же *250*2*0755хххххх#, *250*2*0999хххххх# – 40 сом.

MegaCom сайтындагы «Номурду тандоо» кызматы аркылуу өзүңүз каалаган коду менен көңүлүңүзгө төп келген номурду сайттан акысыз тандап алыңыз. Сизди кызыктырган номурдун бош же бош эмес экендигин тандоонун жыйынтыгында көрө аласыз.

Бактылуу номуруңуз сизди күтөт!  Толугураак маалымат megacom.kg сайтында!

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы