MegaCom «Жаз Деми-2019» жарым марафонуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык тастыктамасына ээ болду
«Номад Спорт» коомдук бирикмеси MegaCom компаниясына ыраазычылык катын тапшырды. Уюлдук оператордун кызматкерлери жыл сайын өткөрүлүүчү «Жаз Деми-2019» жарым марафонун көз жаздымда калтырышкан жок. Аталган фонд спорттун массалык түрлөрүн өнүктүрүү багытында иш алып барат. Айтмакчы, иш-чара Бишкек шаарында 14-апрелде өткөрүлгөн.
«Салтка айланган «Бакай-Банк Жаз Деми-2019» жарым марафонуна катышкандыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Мындай ири спорттук иш-чарага катышуу менен, Сиздер башкаларга да үлгү болуп, өлкөбүздөгү спортту өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп жатасыздар!», – деп айтылат тастыктамада.
Жазгы марафонго спорт ышкыбоздорунан тартып, каалоочулардын баары катышты. Быйылкы жөө күлүктөрдүн саны миңден ашып, алардын катарын MegaCom компаниясынын кызматкерлери да толуктагандыгы кубандырбай койбойт.