Перейти на новый сайт
Кезектеги MegaStore Беловодск айылында ачылды!

Кезектеги MegaStore Беловодск айылында ачылды!

Абоненттерди жогорку сапатта тейлөө – MegaCom компаниясынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Компания заман талабына шайкеш  жана абоненттеринин мүдөөсүнө төп келе турган бир катар аракеттерди ишке ашырууда. MegaStore кеңселери – бул заманбап Сатуу жана тейлөө борборлору.

2019-жылдын 18-апрелинде Беловодск айылында ачылган кезектеги MegaStore  өз кардарларын тосуп алды. Белгилүү артисттердин жана бий топторунун катышуусундагы көңүлдүү шоу-программа эсте калаарлык таасирлерди калтыргандыгы бышык. Эң жигердүү катышуучулар MegaCom компаниясы даярдаган белектерге ээ болушту.

MegaStore салонуна келген айыл тургундары заманбап смартфондорду жана алардын аксессуарларын жеткиликтүү баада жана насыяга алышса болот. Уюлдук оператордун кесипкөй адистери гаджет тандоо, телефонду тескөө жана компаниянын байланыш кызматтары боюнча өз кеп-кеңештерин беришет.

Жаңы MegaStore абдан ыңгайлуу жерде – Фрунзе көч.130 дареги боюнча жайгашкан ( «Ярмарка» базарынын жанында) жана күн сайын саат 8:00 дөн 18:00гө чейин өз кардарларын кабыл алууга даяр.

Кош келиңиздер!  

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы