Перейти на новый сайт
Спамерлер, чабуулчулар жана сүйүктүү абоненттер тууралуу Кардарларды колдоо кызматынын адистери менен болгон маек

Спамерлер, чабуулчулар жана сүйүктүү абоненттер тууралуу Кардарларды колдоо кызматынын адистери менен болгон маек 

Жагымдуу үн жана астейдил мамиле. Айрым учурларда аларга орой же каардуу үн менен кайрылышат. Шашылыш чалуу аткарууну, SMS жөнөтүүнү же интернет кызматтарынан колдонууну каалагандар чыдамы кетип чалышат. Аларга ар бирибиз кайрылабыз. Кандай жагдай болсо да, кандай абалда кайрылса да, ар бир абонентти сылык мамиле күтөт. Бардык учурда абонентке дал ушул  кесипкөй адистер жардамга келет. Сөз кимдер жөнүндө болуп жатат деп ойлоно түштүңүзбү? Албетте, Кардарларды колдоо кызматынын адистери тууралуу.

2019-жылдын 17-апрели MegaCom компаниясынын колл-борборунун адистери үчүн өзгөчө күн – дал ушул күнү аталган бөлүмдүн туулган күнү. Быйыл *500 кызматынын уюшулгандыгына 13 жылдын жүзү болду. Кеп учугу ушул бөлүм тууралуу уланат.

Сылык мамилебиз орой адамдардын шаштысын кетирет.

Юрий Чернышов Кардарларды колдоо кызматында эмгектенет, Юрий сыяктуу  адистерди жамаатта «мамонт» деп атап коюшат. Бул бекеринен эмес. Ал компаниянын пайдубалын түптөгөндөрдүн бири. Юрий өзүнүн техникалык багыттагы кесибинен баш тартып, буга чейин тажрыйбаланбаган тейлөө бөлүмүнө кирген жана бул чечими үчүн бир да жолу өкүнгөн жок.

- Мен башынан эле ак эмгегиң менен гана ийгиликке жетүүгө боло тургандыгына ишенем. Бул чындык экендигине дагы бир ирет ынандым. Эмгек чыйырымды жөнөкөй операторлуктан баштагам. Азыркы учурда улук аналитикмин. Менин милдетим –  колл-борбордун аткарган жумушу боюнча эсептөөлөрдү жана баяндамаларды даярдоо.

- Абоненттерди үч түргө бөлүүгө болот: айрымдары маалыматты кыска убакыттын ичинде эле кабыл алып, ыраазычылыгын билдирет жана коштошот. Кээ бир абоненттерге бир эле маалыматты бир нече ирет кайталоого туура келет; үчүнчү түрү – бул спамерлер.  Зериккенинен өзүнө маектеш издегендерди, убактысын кантип өткөрүүнү билбегендерди ушинтип атап коебуз. Операторлордун кыжырына тийип же аларды сынап чалгандар да кездешет. Мындай абоненттерге өзгөчө мамиле жасайм. Спамерлер менден орой мамилени күтүп, максаттарына жетпей калганда ыйлаган учурлар да болгон. Эң башкысы  алардын орой сөздөрүнө маани бербөө, өзүн-өзү кармана билүү жана мүмкүн болушунча сылык мамиле жасоо. Абоненттердин маанайларынан көз карандысыз ар бирине жардам берүүбүз керек. 

«Мени бүткүл  Кыргызстан угуп жаткандай болуп сезилди»

Зейнегүл Намаспекова компанияга 18 жашында келген. Кесиптик байланыш лицейинде окуган маалында эле тандоодон өтүп, эмгек жолун кыргыз  жана орус линияларында оператор болуп иштөөдөн баштаган.

- Андан бери 11 жыл өтсө дагы биринчи жумуш күнүм али эсимде. Алгач устаттарыбыз бардыгын үйрөтүштү. Абонент чалган учурда жалгыз калуу  коркунучтуу болду. Менин толкунданган үнүмдү бүт Кыргызстан угуп жаткандай сезилди. Бактыга жараша, бардыгы жакшы өттү. Маегибиздин соңунда  абонент ыраазычылыгын билдирди.

- Мага өз жумушум жагат. Эстен кеткис көз ирмемдер көп, эстегенде жылмайып алам.  Бир жолу мага алыскы айылдардын биринен бир абонент чалды. Анын үнү угулбай жаткандыктан, чалган абоненттин терезеге жакын баруусун сурандым. Бул стандарттуу ыкма менен байланыш кызматын жакшыртууга болот. Абонент үйүндөгүлөргө: «Алар бизди көрөт экен», – деп айтты да, трубканы коюп салды. Мен анын тарифи, балансындагы каражаты тууралуу баарын айтып берсем, мени көрүп жатат деп ойлосо керек.

- Кардарларды колдоо кызматында эмгектенүү – бул өзүн-өзү өнүктүрүү. Биз түрдүү тренингдерге катышабыз. Билимге жана көндүмдөргө ээ болуу жумушубузга эле эмес, жеке жашообузга да керек эмеспи. Ай сайын биздин эфирлерибиз текшерилип, баа берилет. Айлык акыбыз да, карьералык өсүүбүз да ушуга жараша аныкталат. Жумушунда абоненттер менен тынымсыз сүйлөшкөндүктөн, үйүнө келгенде такыр сүйлөбөсө керек  деп ойлошот. Бирок андай эмес. Мен жумуштан кийин үй-бүлөм жана досторум менен сүйлөшүүнү жакшы көрөм.            

- *500 адиси – компаниянын жүзү. Алар аркылуу жалпы компанияга баа берилет. Ошондуктан ар бир операторго өзгөчө талап коюлат», деп маегибизди жыйынтыктай кетти супервайзер Асылбек Асангазиев. Асылбек бүгүнкү күндө жаңыдан жумушка орношуп жаткан кызматкерлердин  устаты десек жаңылышпайбыз. Аларды шыктандырып, такшалтып, кеп-кеңешин айтып турат. Бөлүмдөгү эмгек чыйырын оператор болуп баштаган бул жөнөкөй жигит кесиптештеринин арасында урмат-сыйга ээ.

- Сылыктык, жардамга келүү, жоопкерчиликтүүлүк, тактык, билим алууга умтулуу сыяктуу сапаттар мыкты адисти башкалардан айырмалап турган сапаттар. Эмне үчүн абоненттер бизге чалышат? Себеп бирөө – ар бир (орой болсо да) абонент өз суроосун бергиси келет, кеп-кеңешке муктаж. Биздин милдетибиз чалып жаткан абонентти угуу, анын абалын түшүнүү жана анын маселесин колдон келишинче ыкчам жана сапаттуу чечип берүү. Биз өзүбүзгө артылган ишеничти актоо үчүн  24/7 бою байланыштабыз!

Кардарларды колдоо кызматы — MegaCom компаниясынын ири бөлүмү гана болбостон, өлкөбүздөгү эң чоң контакт-борбор жана мыкты адистерди тарбиялап чыгаруучу  устаткана. Көптөгөн операторлор талыкпаган эмгегинин натыйжасында карьералык өсүү тепкичи менен улам жогору көтөрүлүп, компаниянын башка бөлүмдөрүндөгү кесипкөй   адистердин катарын толуктап келишет. Майрам күнгө карабастан *500 линиясынын адистери күндөгүдөй эле өз милдеттерин аткарып жатышты.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы