Перейти на новый сайт
MegaCom кезектеги MegaStore кеңсесин Балыкчы шаарында ачты

MegaCom кезектеги MegaStore кеңсесин  Балыкчы шаарында ачты

2019-жылдын 16-апрели Балыкчы шаарынын тургундары үчүн өзгөчө күндөрдүн бири болду, тактап айтканда, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан чакан шаарда жаңы форматтагы MegaStore кеңсеси ачылды.

MegaCom компаниясы балыкчылыктар жана шаар меймандары үчүн кызыктуу конкурстар, уюлдук оператордун азембелектери, белгилүү аткаруучулардын жана бий топторунун  ыр-бийлери менен коштолгон кызыктуу программа даярдаган.

Салтанаттуу иш-чарага келгендер  конкурстарга жигердүү катышып, белектерге ээ болуп, жагымдуу таасирлери менен бөлүшүп, жүздөрүн күлкү уялай көңүлдүү маанайда тарашты.

MegaCom компаниясынын жаңы кеңсеси абдан ыңгайлуу жерде − эски базарда жайгашкан. Эми Балыкчы шаарынын тургундары жаңы смартфон сатып алууну  же мобилдик байланыш боюнча маселелерин чечүүнү кааласа, башка жакка чыгып убара тартышпайт. MegaStore кеңсесинен заманбап смартфондорду, гаджеттерди жана аксессуарларды жеткиликтүү баада сатып алууга болот. Заманбап түзмөктөр насыяга да берилет. Бул абдан оңой. Насыяга алуу баштапкы төлөмсүз, 20-30 мүнөттүн ичинде ишке ашырылат. Болгону  документтердин минималдуу топтому гана керек.

Xiaomi, LG, Huawei, Honor, Samsung, Apple дүйнөлүк бренддеринин смартфондорунун ичинен көңүлүңүзгө төп келгенин тандап алыңыз. Биздин кесипкөй адистерибиз болсо, MegaCom байланышы боюнча  каалаган суроолоруңузга жооп берип, ар бир телефон боюнча кеңири мүнөздөмө беришет. Заман талабына шайкеш кадам шилтеген уюлдук оператор үчүн абоненттеринин мүдөөлөрү алдыңкы орунда. Келечекте MegaStore салондору мекенибиздин жалпы аймагы боюнча ачылмакчы.

MegaStore сиздерди күтөт! Дареги: Балыкчы шаары, Кулакунов көч., 53. Иштөө убактысы: 9:00 дөн 18:00гө чейин.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы