Перейти на новый сайт
MegaCom: 4G LTE Кыргызстандын дагы 50 калктуу конушунда жеткиликтүү болуп калды

MegaCom: 4G LTE Кыргызстандын дагы 50 калктуу конушунда жеткиликтүү болуп калды

MegaCom Кыргызстандын жалпы аймагында 4G-түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейтүү жана сыйымдуулугун арттыруу боюнча техникалык жумуштарды байма-бай ишке ашырып келет.

Өз абоненттерин сапаттуу жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо максатында компаниянын техникалык адистери Чүй облусунун бир катар айылдарында жаңы базалык станцияларды ишке киргизди: 

Ак-Сай, Бекитай, Бөксө-Жол, Жар-Башы, Жетиген, Алиаскар Токтоналиев а., Киров а., Тельман а., Кайырма, Кош-Коргон, Моңолдор, Октябрь, Он бир-Жылга, Панфилов, Первомайское, Прогресс, Рот-Фронт, Садовое, Советское, Сосновка, Степное, Төрт-Көл, Юрьевка, Камышановка.

4G-жабдуусун жаңылоо жумуштары да көз жаздымда калтырылган жок. Бишкек, Ош жана Кара-Балта шаарларында, Ош облусунун Жаңы-Турмуш, Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жана Чүй облусунун төмөндөгү (30га чамалуу) калктуу конуштарында байланыш сапатынын бир кыйла жакшыргандыгы байкалды: 

Маловодное, Беловодское, Сокулук, Кара-Сакал, Кунтуу, Кичи- Шалта, Чоң-Жар, Садовое, Новониколаевка, Малтабар, Орто-Суу, Полтавка, Гидростроитель, Чалдыбар, Чапаев, Өтөгөн, Бурана, Калыгул, Доктурбек Курманалиев, Васильевка, Аң-Арык, Предтеченка, Жер-Казар, Төмөнкү Норус, Күрпүлдөк, Жаңы-Жер жана Кайыңды.

4G түйүнү − бул ишенимдүү жана жогорку ылдамдыктагы байланыш гана эмес, жогорку сапатта видео көрүү, чектелбеген көлөмдөгү жүктөп алуулар, достор менен социалдык тармактарда баарлашуу жана ишкер өнөктөштөр менен иш алып баруу.

Төртүнчү муун түйүнүнүн сервистерине жетки алуу үчүн, LTE технологиясынын колдоосу менен мобилдик түзмөгүңүздүн болгондугу жетиштүү. Түзмөгүңүздүн жана SIM-картаңыздын LTE колдоосу бар экендигин билгиңиз келсе, *460 акысыз буйруусун териңиз. «SIM-картаны алмаштырыңыз» деген жооп келсе, компаниянын Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылсаңыз болот. Уюлдук оператордун кесипкөй адистери эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңы SIM-картага акысыз алмаштырып беришет.

MegaCom: 4G LTE менен чыныгы ылдамдыкты сез!

 

 

 

 

 

 

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы