Перейти на новый сайт

MegaCom 2020-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында КРдин хоккей боюнча курама командасына колдоо көрсөтүүдө

MegaCom 2020-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында КРдин хоккей боюнча курама командасына колдоо көрсөтүүдө

Ушул күндөрү Абу-Даби шаарында Дүйнө чемпионаты-2020 оюндарына тандоо турнири өтүп жатат. Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы мекен намысын коргоп жеңиш үчүн ат салышууда.
Өлкөбүздүн спорт тармагын көз жаздымда калтырбаган MegaCom компаниясы ата мекендик курама командабызга башкы демөөрчүлүк колдоо көрсөтүүдө. Биринчи турда  хоккейчилерибиз  Кувейттин оюнчуларын 14:0,  экинчи турда Таиланддын оюнчуларын 6:2, ал эми үчүнчү турда Босния жана  Герцеговинанын оюнчуларын 14:3 эсебинде жеңип алды. 

Эми кыргызстандыктарды Гонконг командасы менен беттешүү күтөт. Топтук этапка чыккан учурда  кыргызстандык спортчулар  үчүнчү дивизионго жолдомого  жана  биринчиликке катышуу укугуна ээ болушат. Хоккей боюнча Дүйнөлүк чемпионат  2020-жылдын 1-майынан 17-майына чейин  Цюрих жана Лозанна (Швейцария) шаарында өтмөкчү.

MegaCom компаниясы Кыргызстан курамасын жеңишке жетүүгө шыктандырат жана биринчиликке чыгуусун каалайт!

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы