Перейти на новый сайт

MegaCom Грузия өлкөсүндө роуминг кызматтарынын тарифтерин төмөндөттү

MegaCom Грузия өлкөсүндө роуминг кызматтарынын тарифтерин төмөндөттү      

Жаратылышы көргөн адамдын көз жоосун алган, калкы меймандостугу менен айырмаланган күнөстүү Грузияга саякат жасоону ким эле каалабасын. Алардын катарында, албетте, биздин мекендештерибиз да бар.

Абоненттеринин мүдөөлөрүн эске алуу менен иш алып барган MegaCom компаниясы Грузия Geocell операторунун тармагында кийин төлөнүүчү роуминг кызматынын тарифтеринин төмөндөгөндүгү тууралуу маалымдайт.

Эми Грузия жергесинде жүргөн MegaCom абоненттери үчүн байланыш кызматтарынан колдонуу: чалууларды жана SMS -билдирүүлөрдү аткаруу/жөнөтүү жана кабыл алуу бир кыйла арзан болуп калды.
Маселен, Кыргызстанга  SMS-билдирүү жөнөтүү болгону 5 сомду түзсө, кирген чалуунун наркы 15 сомду,  Грузиянын жергиликтүү номурларына чалуу  25 сомду, Кыргызстандын бардык номурларына чалуу 50 сомду түзөт.  «Роумингдеги кайтарым чалуу» кызматынын жардамы менен үйгө чалууларды аткарууда каражатты үнөмдөп калууга да болот. Эми чалуунун бир мүнөтү 50 сомдун ордуна 15 сомго барабар болуп калды.

Кыргызстандыктар жакындары менен ар дайым байланышта болуп, жана да  саякаттан алган таасирлери менен бөлүшө алат!

Сапарга чыгуунун алдында кийин төлөнүүчү роуминг кызматын кошуп алууну эсиңизден чыгарбаңыз. MegaCom компаниясынын каалаган Сатуу жана тейлөө борборунун адиси Сизге жардамга келүүгө даяр. Толук маалымат компаниянын megacom.kg сайтында.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы