Перейти на новый сайт
MegaCom: Велосезон-2019 жакында Ош шаарында ачылат!

MegaCom: Велосезон-2019 жакында Ош шаарында ачылат!

MegaCom компаниясы Ош шаарынын бардык тургундарын жана меймандарын 2019-жылдагы велосезондун расмий ачылышына чакырат. 2019-жылдын 6-апрелинде боло турган бул иш-чарага каалоочулардын бардыгы катыша алат! Бузугу жок велосипеддин болгондугу жана жолдо жүрүүнүн эрежелерин билүү жетиштүү.

Түштүк калаабызда төртүнчү ирет өтө турган веложүрүш MegaCom компаниясынын жана шаар мэриясынын колдоосу менен өткөрүлмөкчү. Баса белгилеп кетүүчү жана кубанычтуу жагдай − бул веложүрүштүн катышуучуларынын саны жылдан-жылга арбып жаткандыгы.  

Велосипедчендер саат 10:30дөн тарта борбордук аянтка чогула башташат. Ар бир катышуучуга  MegaCom компаниясынын фирмалык футболкасы тартууланат жана жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо боюнча көрсөтмөлөр берилет. Саат 11:00дө уюлдук оператордун жетекчилиги баштаган велотоп мурда белгиленген багытта веложүрүштү башташат. Велоколоннаны Жол кайгуул кызматынын автоунаалары жана тез жардам унаасы коштомокчу.   

Марада катышуучуларды «Эл эмне дейт?» белгилүү скетч -шоусунун алып баруучулары кызыктуу конкурстары менен күтүп турушса, атактуу аткаруучулар өздөрүнүн мукамдуу ырлары менен тосуп алышмакчы. MegaCom компаниясы болсо, азембелектерди жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына велосипеддерди даярдаган.  

Компания спорт тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат, жана да бул багыттагы иш-чараларды өткөрүүгө колдоо көрсөтүп келет. Анда эмесе, эс алуу күнүңүздү MegaCom менен кызыктуу өткөрүүгө камына баштаңыз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы