Перейти на новый сайт
MegaCom Чүй облусунда 4G-түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейтти

MegaCom Чүй облусунда 4G-түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейтти

MegaCom тармактын техникалык өнүгүүсүнө өзгөчө басым жасоо− компаниянын көңүл борборундагы башкы маселелердин бири. Өлкө  аймагында жаңы базалык станцияларды куруу өз жемишин берип, 4G-түйүнү кеңири кулач жаюуда.

Үстүбүздөгү жылдын февралында кошумча жабдуулар ишке киргизилген.  Маселен, Чүй облусунун жашоочулары LTE технологиясынын артыкчылыктарына баа бере алышты. Аларга ыкчам маалымат алмашуу,  HD-сапатта видео көрүү жана көлөмдүү файлдарды жөнөтүү жана кабыл алуу, музыка жана тасмаларды жүктөп алуу, мессенджерлер жана социалдык түйүндөр аркылуу баарлашуу мүмкүнчүлүктөрү тартууланды.

Эми төртүнчү муун  байланышы Чүй облусунун төмөндөгү айылдарында жеткиликтүү:

Айдарбек, Ак-Башат, Арал, Ийри-Суу, Белый-Пикет, Жаңы-Алыш, Новомихайловка, Бирдик, Сасык-Булак, Ударник, Алтымыш, Бейшеке, Кара-Булак, Кашкелең, Кызыл-Октябрь, Чүй айылдары, жана да  Кемин жана  Орловка шаар тибиндеги кыштактары.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад  шаарларында жана  Ош облусунун  Жаңы-Ноокат, Араван айылдарында, Чүй облусунун Киршелк, Арал, Жаңы-Чек, Хун Чи айылдарында 4G-сигналынын, ал эми  Ош, Жалал-Абад шаарларында жана  Чүй облусунун бир катар  айылдарында 3G -түйүнүнүн сапаты жакшыртылгандыгын баса белгилей кетүү абзел:

Заречное, Сүймөнкул Чокморов, Таш-Дөбө, Бир-Булак, Горная Маевка, Кызыл-Бирдик, Үч-Эмчек, Алмалуу, Тоолуу Серафимовка, Жогорку-Ичке-Суу, Ичке-Суу, Норус, Тогуз-Булак, Кашка-Суу, Малиновка, Арашан, Кой-Таш, Подгорное, Прохладное, Таш-Мойнок, Жал, Калтар, Плодовое, Шалта, Кара-Сакал, Күнтуу, Кичи Шалта, Чоң-Жар, Беш-Күңгөй, Арчалы, Байгелди, Байтик, Баш-Кара-Суу, Сарбан, Арчалы, Байгелди, Сарбан, Таш-Башат.

MegaCom байланышы менен камтылган аймактын картасы менен таанышууну кааласаңыз, megacom.kg шилтемесин басыңыз.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы