Перейти на новый сайт

MegaCom 13- мартта Бишкекте батир ойнотот

MegaCom 13- мартта Бишкекте батир ойнотот  

Көптөн күткөн күн да жакын калды! MegaCom компаниясы «Оргтехстрой» курулуш компаниясы менен биргеликте өткөрүп жаткан «Конуштой» лотереясынын баш байгесин – Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирди утуп алыңыз!

Баш байге үчүн кимдер ат салыша алат?

MegaPay мобилдик капчыгынын жардамы менен жүргүзүлгөн төлөмдөр үчүн электрондук купондорго ээ болгон лотереянын бардык катышуучулары өз бактысын сынай алышат. Купондордун номурларын тиркемеден текшерүүгө болот.

Лотереянын алкагында  ай сайын утуш оюндары өткөрүлүп, баалуу байгелер ойнотулгандыгын эсиңиздерге сала кетсек.

Тактап айтсак, 2019-жылдын 6-мартында MegaCom компаниясынын башкы кеңсесинде утуш оюну үчүнчү жолу болу өттү. Random туш келди сандардын генераторунун жардамы менен, жана да атайын комиссиянын катышуусунда өткөн утуш оюнунда 11 765 электрондук купондун ичинен кезектеги бактылуу номурлар  аныкталды. 400 000 сом жана 200 000 сом суммасындагы кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн арзандатуучу тастыктамаларга Марифжон Маткаримов жана Азамат Байтулеев, iPhone XS телефонуна Ирина Горбачева ээ болду.

««Конуштой» лотереясы тууралуу жарнама аркылуу уккам. Алгач  MegaPay тиркемесин жүктөп алып, андан соң  анын жардамы менен коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөп, өзүмдүн телефонумдун жана балдарымдын телефондорунун балансын толуктай баштадым. Абдан тез жана ыңгайлуу, убакытты да үнөмдөйсүң. Утушка ээ болом деген үмүтүм бар болчу, жолум болуп байге утуп алдым. Абдан кубанычтамын. Эми баш байгенин- батирдин ээси болгум келет!», −деп өз таасирлери менен бөлүшө кетти Ирина Горбачева.

Буга чейинки утуш оюндарынын жүрүшүн чагылдырган видеобаяндамалар Facebook аркылуу жеткиликтүү. Башкы утуш оюнунун жүрүшүн көрүүнү кааласаңыз, сизге Instagram жардамга келет. MegaPayKg расмий баракчасына жазылыңыз жана анык убакыт шарттамында утуш оюнуна күбө болуңуз.  

Лотереянын шарттары жана купондорду берүү тууралуу кеңири маалымат megacom.kg сайтында.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы