Перейти на новый сайт
«Элдик S/M/L» тарифи: чектөөсүз интернет жана түйүндөн тышкары ыңгайлуу чалуулар

«Элдик S/M/тарифи: чектөөсүз интернет жана түйүндөн тышкары ыңгайлуу чалуулар   

MegaCom компаниясы «Элдик S/M/L» тарифинин алкагында бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди. Эми интернет-трафик күндүз чектөөсүз болуп калды жана түйүндөн тышкары чалуулардын наркы төмөндөдү. Абоненттик төлөм өзгөртүүсүз калтырылды.  

Бул жаңылыктар тууралуу кеңири маалымат алуу максатында MegaCom компаниясынын Маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Юлия Саулина менен ат жалында маек курдук.  

- Юлия, тарифке киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу кеп учугун улай кетсеңиз, абоненттер үчүн кандай өзгөртүүлөр сунушталды?

- Абоненттерибиздин мүдөөсүнө төп келген бул тарифтик планга бир катар ыңгайлуу өзгөртүүлөр киргизилди. Албетте, колдонуучулардын каалоолору адистерибиз тарабынан эске алынды. 2019-жылдын 5-мартынан тарта «Элдик» түркүмүнүн ар жумалык S/M/L топтомдорундагы өзгөртүүлөр тууралуу кубануу менен билдире кетмекчибиз. Максималдуу ылдамдыктагы күндүзгү интернеттин көлөмдөрү сарпталгандан кийин чектөөсүз интернет бериле баштайт. Башкача айтканда, саат 08:00 дөн 00:59га чейин интернет трафиктин көлөмдөрү чектелбейт.

- 01.00 дөн 08.00гө чейин түнкү интернет ылдамдыгы мурдагыдай эле чектөөсүз берилет. Абоненттик төлөм төлөнгөн учурда, интернет-трафиктин мегабайттары көлөмдөрү боюнча  чектелбестен берилет жана интернет-топтомдон тышкары трафик үчүн кошумча төлөмдүн зарылдыгы жок.  Зарыл болгон учурда турбобаскыч-топтомдорун кошуп алууга, же болбосо USSD-буйрууну терүү менен топтомду өз алдынча кайрадан кошууга болот.

-  2019-жылдын 25-февралынан тарта «Элдик» тарифтик планынын бардык абоненттери үчүн Кыргызстандын башка мобилдик операторлорунун номурларына чалуулардын наркы төмөндөтүлгөн. Абоненттик төлөм (жумасына 70 сомдон тарта) жана топтомдордун башка шарттары мурдагыдай эле калтырылат.  

- «Элдик S/M/L» тарифи абоненттерге эмнеси менен жакты?

- 2018-жылдын июнунда үн байланышын да, мобилдик интернетти да орточо колдонгондор үчүн «Элдик S/M/L» топтомдор түркүмү иштелип чыккан. Ар бир топтом көлөмдөрү боюнча чектелбеген интернетти (максималдуу ылдамдыктагы кепилденген күндүзгү көлөмү жана чектөөсүз интернети менен) жана түйүн ичиндеги жана түйүндөн тышкары акысыз мүнөттөрдү өз ичине камтыйт.

- Мындан тышкары, негизги тарифке камтылган интернет мегабайттарын сарптаган соң, абоненттер  USSD-буйрууларды терүү аркылуу түйүндөн тышкары мүнөттөрдү мобилдик  4G-интернетке алмаштыра алышат. Бул тарифти колдонгон абоненттердин  саны аз эле убакыттын ичинде  он миңге жетти. Киргизилген өзгөртүүлөр болсо, тарифке болгон кызыгууну арттыра тургандыгы бышык.  

- MegaCom компаниясынын башка тарифтик пландарынын шарттарына да ушул сыяктуу өзгөртүүлөр киргизилеби?

- Кыргызстандын жалпы аймагында сапаттуу жана жеткиликтүү байланыш  кызматтарын көрсөтүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келүүдөбүз. Бул үчүн түйүндү техникалык жактан жаңылап турууга, тарифтер жана кызматтар  түркүмүн жакшыртууга басым жасалат. Заман талабына ылайык абоненттерибиздин мүдөөлөрү да күндөн-күнгө  өсүп келүүдө. Бүгүнкү күндө тармактын каптоо аймагын кеңейтүү, төртүнчү муун байланышын  жайылтуу сыяктуу маселелер компаниянын көңүл борборунда. Жаңы базалык станциялар республика боюнча түйүндүн өндүрүмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө болуп келет.

- Компаниянын жаңылыктары, акциялар тууралуу расмий сайтыбыз  жана социалдык тармактардагы баракчаларыбыз аркылуу кабардар болуп турсаңыз болот.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы