Перейти на новый сайт

MegaCom «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга өз салымын кошууда

MegaCom «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга өз салымын кошууда

MegaCom компаниясы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырып жаткан «Вега» орусиялык концерни менен болгон кызматташтыктын алкагында бир катар кызматтарды көрсөтмөкчү. Маселен, катталган жол кыймылынын эрежелерин бузуулар тууралуу маалыматтарды ыкчам жана өз учурунда алуу максатында көзөмөл камералары үчүн SIM-карталарды  жана маалымат берүү. Бардык маалыматтар адистештирилген техникалык каражаттардын жардамы менен топтолот. Аппараттык-программалык комплекстер жол кырсыктарын талдоо менен өзгөчө авариялык-кооптуу жерлерге орнотулат. Тартипти камсыздоодо 20 орнотмо ишке киргизилет.

Мобилдик оператор маалымат-коммуникациялык технологияларын жайылтуу менен, Кыргызстандын жолдорундагы адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктарынын санын кыскартуу, жол коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик саясатты иш жүзөгө ашырууга багытталган «Коопсуз шаар» долбоорун ийгиликтүү ишке киргизүүгө  өз салымын кошууда.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы