Перейти на новый сайт
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирди 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымы үчүн MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирди. Мобилдик оператор башкы демөөрчүлүк колдоо көрсөткөн бул иш-чара 2018-жылдын 2-сентябрынан 8-сентябрына чейин көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өткөн.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жигердүү колдоо көрсөткөн уюмдарга жана жеке жактарга урмат көрсөтүү үчүн  уюштурулган салтанаттуу иш-чарада биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт башчысынын атынан MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангуловго  ыраазычылык кат тапшырды. Каттын мазмуну төмөндөгүдөй: « III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын даярдоого жана жогорку уюшкандыкта өткөрүүгө кошкон олуттуу салымыңыздар үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Кыргызстандан башат алган Көчмөндөр оюндары бардык элдердин тынчтыкта жана өз ара түшүнүүчүлүктө жашоосуна өбөлгө болот. Баарыңыздарга байгерчилик, бакты-таалай жана албан ийгиликтерди каалайм».

Эскерте кетсек, MegaCom компаниясы бул маданий иш-чаранын меймандарынын үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз болуусун шарттаган бир катар иш-аракеттерди жүзөгө ашырган. Түйүндүн сыйымдуулугу жогорулап, жаңы базалык станциялар орнотулган. Мындан тышкары, оюндардын катышуучуларынын ар дайым байланышта болуусун камсыздаган «Көчмөндөр»  тарифтик планы ишке киргизилген.

MegaCom түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий мурастарын сактоого жана өнүктүрүүгө басым жасап келүүдө.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы