Перейти на новый сайт

MegaCom келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктайт!

MegaCom келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктайт! 

Жаңы жылга саналуу гана сааттар калды... MegaCom командасы Сизди чын дилинен Жаңы жылыңыз менен куттуктайт!

Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат жашоо каалайбыз. Жакындарыңыз менен кубанычтуу кабарларыңыз менен бөлүшүүдөн, баарлашуудан ырахат алыңыз. 

2019-жылы купуя тилектериңиз аткарылсын, ишиңизди ийгиликтер коштоп, бактылуу көз ирмемдериңиз мол болсун!

Жаңы жыл босогосунда алдыңкы мобилдик оператор өз абоненттерине көптөгөн белектерди, арзандатууларды, жагымдуу бонустарды даярдады!

«Чынар» дүр-дүйнө дүкөнүндөгү жана  «Дордой» базарындагы MegaStore жаңы кеңселеринде жаңы жылдык белектер − смартфондор, планшеттер, жана башка заманбап гаджеттер даярдалды. Айрымдарына арзандатуулар каралган. Маселен, Huawei Y5 Lite акция боюнча  4990 сом. Телефондорду насыяга алууга да болот. Сатуу жана тейлөө борборлорунун иш билги адистеринен кесипкөй кеп-кеңештерди алсаңыз болот. «Чынар» дүр-дүйнө дүкөнүндөгү MegaStore кеңсесинде Huawei телефон аппараттарынын бардык үлгүлөрү жеткиликтүү баада.

2019-жылдын 15-январына чейин бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда  Сатуу жана тейлөө борборлорунда  «CashBack белекке» акциясы аракетте. Бул болсо, өз кезегинде, абоненттерибиз мобилдик байланыштан 40 пайызга чейин үнөмдөй алышат дегенди билдирет! 

Бул үчүн 755 жаңы коду менен SIM-карта сатып алып, «Хайп» тарифин жарым жылга кошуп алуу жетиштүү, тандалып алынган топтомго жараша ай сайын  300, 720 же 1 440 сом балансыңызга кайтарылат. Кайтарылган акча каражаттарын байланыш кызматтарына сарптасаңыз болот.

Ушул эле дейсизби, мындан тышкары, Сатуу жана тейлөө борборлорунда  «Күмүш», «Алтын» жана  «Платина 7500» категориясынын номурлары 50% арзандатуу менен сунушталат! Бул кооз номурларды тандоодо MegaCom корпоративдик абоненттерине корпоративдик топтун куратору жардамга келет.

2018-жылдын 30-декабрынан тарта 2019-жылдын 3-январына чейин, Сатуу жана тейлөө  борборлорунан балансты толуктоодо, абоненттерди MegaCom азембелектери күтөт.

MegaCom компаниясынын кеңселеринин даректери менен megacom.kg расмий сайтынан таанышсаңыз болот.

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы