Перейти на новый сайт
Жаңы жылдык эс алуу күндөрү MegaCom менен

Жаңы жылдык эс алуу күндөрү MegaCom менен

Жаңы жылдык майрамдарга саналуу гана күндөр калды. Эс алуу күндөрүндө чет өлкөгө  барууну чечтиңиз дейли, бирок жакындарыңыз менен ар дайым байланышта болуу тууралуу ой көңүлүңүздүн борборун ээлей тургандыгы анык. 

Бул тууралуу кам санабай эле койсоңуз болот. MegaCom компаниясынын Роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн адистери, чет өлкөдө жүргөн кезиңизде, мобилдик интернетке жана чалууларга сарпталуучу каражаттарыңызды кантип үнөмдөө керек экендигин айтып беришет. Бул үчүн SIM-картаны алмаштыруунун зарылчылыгы жок. Өзүңүздүн номуруңузду колдонсоңуз болот.

Саякаттоону каалаган MegaCom абоненттери  көп учурда Россия, Казакстан, Түркия, жана да  Кытай, Сауд  Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттарына, Египетке жана Таиландга жол тартышат. Ызгаардуу кышты жай аптабына алмаштырууга не жетсин. Эс алуучулар көп барган ушул  жана башка  өлкөлөрдө кирген чалуулар үчүн бирдей баалар каралган. «Үнөмдүү роуминг» опциясын кошуп алсаңыз, роумингде кирген чалуу үчүн болгону  5 сом гана төлөйсүз. Кызмат 200 сом өлчөмүндөгү белгиленген төлөм үчүн 7 күндүн ичинде аракетте болот.

Чет өлкөдө жүргөндө мобилдик интернет менен жигердүү колдонуу үчүн  «Роумингдеги интернет-топтомдорунун»  бирин, тактап айтканда,  7 күн ичинде жеткиликтүү болгон «30МБ», «50МБ» же «100МБ» өлчөмүндөгү трафиктин ыңгайлуу көлөмүн тандап алыңыз.

Кийин төлөнүүчү роуминг  жана  Интернет-роуминг кызматын кошуп алып, учакта бара жаткан маалыңызда да мобилдик байланыш менен колдонуңуз. Бул бош убактысын текке кетирбестен шашылыш жана маанилүү маселелерди чечкендер үчүн ыңгайлуу.  Алдын ала төлөнүүчү  роуминг кызматынын жардамы менен балансты алдын ала толуктоонун жана  жана Сатуу жана тейлөө борборлоруна баруунун зарылчылыгы жок. Балансты 100 сомдон жогору болгон каалаган суммага толуктоо жетиштүү жана кызмат автоматтык түрдө жаңыртылат.

Ишкер сапарга же эс алууга жөнөй турган болсоңуз, MegaCom Сатуу жана тейлөө борборуна  кайрылууну эсиңизден чыгарбаңыз.  Роумингди кошуу көп убактыңызды албайт, бирок саякатта жүргөндө байланышка сарпталуучу каражаттарыңыздын үнөмдөлө тургандыгы бышык. Кызмат тууралуу толук маалымат, өнөктөш өлкөлөрдүн тизмеси компаниянын расмий сайтында.

 

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы