Перейти на новый сайт

Деталдоону e-mail почтага жөнөтүү: мобилдик эсебиңизди көзөмөлдөңүз

Деталдоону e-mail почтага жөнөтүү: мобилдик эсебиңизди көзөмөлдөңүз

MegaCom компаниясы, абоненттеринин мүдөөлөрүн  эске алуу менен, абдан ыңгайлуу кызматты сунуштайт. «Деталдоону e-mail  дарекке» кызматынын жардамы менен жеке мобилдик эсебиңиздеги чыгымдарыңызды көзөмөлдөп турсаңыз болот. Номуруңуз боюнча чалуулардын толук деталдоосу онлайн-форматта электрондук почтаңызга келет.

Кимге жана качан чалгандыгыңыз, канча  SMS жөнөткөндүгүңүз, канча көлөмдөгү мегабайт сарпталгандыгы жөнүндөгү маалыматты жана эсебиңиздеги каражаттардын эсептен туура алынгандыгын да билсеңиз болот.

Кызматтан колдонуу үчүн Сатуу жана тейлөө борборлорунун  бирине кайрылыңыз. Жаныңызда инсандыгыңызды тастыктаган документтин болушу зарыл. Деталдоонун  наркы  30 календардык күн үчүн  25 сом. Тарифтик пландан же телефон аппаратынын моделинен  көзкарандысыз  акыркы 3 ай үчүн чалуулардын таржымалын алууга мүмкүн.

MegaCom мобилдик байланышка жана жогорку ылдамдыктагы интернетке сарпталуучу чыгымдарды көзөмөлдөй аласыз. Толук маалымат компаниянын сайтында жана  FacebookInstagramTwitter жана  Одноклассники социалдык түйүндөрүнүн расмий баракчаларында жайгаштырылган.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы