Перейти на новый сайт
MegaCom кызматкерлеринин эмгеги КР МБА тарабынан татыктуу бааланды

MegaCom кызматкерлеринин эмгеги КР МБА тарабынан татыктуу бааланды

Кыргызстандын байланыш тармагын өнүктүрүүдө алдыңкы мобилдик оператордун кошкон салымы зор экендиги шексиз. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан MegaCom компаниясынын кесипкөй адистеринин эмгеги жогору бааланып жаткандыгы да кубанаарлык көрүнүш.

Аталган агенттиктин уюшулган күнүнө карата бир катар кесиптештерибиз Ардак грамоталары менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигинин өкүлдөрү MegaCom компаниясынын кызматкерлеринин байланыш тармагын өнүктүрүүгө кошуп жаткан бараандуу салымын баса белгилеп, аларга өз жумушун жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдире кетишти.

Салтанаттуу иш-чарада төмөндөгү кызматкерлер Ардак грамоталар менен сыйланышты:

  • Мурзабеков Санжар Мирбекович, Роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Костин Александр Геннадьевич, Сатуулар бөлүмүнүн аймактардагы сатууларды өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адиси;
  • Акматов Алмаз Дүйшөнбекович, Ички көзөмөл бөлүмүнүн кредиттик көзөмөл боюнча улук адиси;
  • Гончаренко Артур Евгеньевич, Ош ш. Техникалык бөлүмдүн BSS боюнча жетектөөчү адиси;
  • Абдуманапов Гулжигит Шавкатович, Ош ш.Түйүндү оптимизациялоо жана радио өлчөө бөлүмүнүн инженери.

MegaCom Компаниянын жамааты, кесиптештерин сыйлыгы менен куттуктоо менен бирге, алардын ишине ийгиликтерди каалайт!

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы