Перейти на новый сайт

MegaCom түйүндү техникалык жактан өнүктүрүүгө басым жасоодо

MegaCom түйүндү техникалык жактан өнүктүрүүгө басым жасоодо 

Алдыңкы мобилдик оператор Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча түйүндү өнүктүрүүнү улантып келет. Ушул жылдын сентябрь айында MegaCom компаниясынын адистери тарабынан байланыш сапатын жакшыртуу боюнча масштабдуу техникалык жумуштар аткарылды.

Заманбап базалык станцияны ишке киргизүүнүн натыйжасы өз жемишин берип, MegaCom 3G түйүнү Ысык-Көл облусунун Ананьево жана Ош облусунун Бел айылынын тургундарына жеткиликтүү болуп калды. Жогорку ылдамдыктагы 4G түйүнү менен Ысык-Көл облусунун Ананьево айылынын, Чүй облусунун Комсомольское, Акматбек, Ленин атындагы, Кара-Ой, Советское, Талды-Булак, Озерное, Фрунзе атындагы, Студенческое, Дачное, Молдовановка, Алмалуу, Кызыл-Суу, Маданият жана Мраморное айылдарынын тургундары  колдоно алышат.

MegaCom аймактарда орнотулган базалык станцияларды жакшыртып турууну да көз жаздымда калтырбай келет. Бул багытта алгылыктуу иштер аткарылды. Кошумча техникалык жабдуу ишке киргизилип, Балыкчы жана Жалал-Абад шаарларында, Ош облусунун Араван жана Талас облусунун Кызыл-Адыр айылдарында 3G түйүнүнүн сапаты жакшырды.

Өткөн айда төмөндөгү облустарда 4G түйүнүн жаңылоого басым жасалды:

  • Талас облусу: Кызыл-Адыр айылы;
  • Ош облусу: Араван а.;
  • Чүй облусу: Военно-Антоновка а., Арашан а, Новопавловка а., Ак-Жол а., Жайылма а., Ровное а., Чалдыбар а., Чолок-Арык а., Маловодное а..

Толук маалымат онлайн режимде Каптоо аймагынын интерактивдүү картасы аркылуу жеткиликтүү. Бул жерде жакын жайгашкан базалык станциялардын сигналы, 2G, 3G жана ыкчам 4G түйүндөрү тууралуу маалымат жайгаштырылган.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы