Перейти на новый сайт

MegaCom: «Сенин ХАЙПың» конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

MegaCom: «Сенин ХАЙПың» конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

MegaCom компаниясынын башкы кеңсесинде «Сенин ХАЙПың» конкурсунун жеңүүчүлөрү салтанаттуу түрдө сыйланды.

Мобилдик оператордун өкүлдөрү жигердүүлүгү, креативдүүлүгү жана конкурска жасаган чыгармачыл мамилеси үчүн катышуучуларга ыраазычылык билдиришти. Эсиңиздерге сала кетсек, конкурстун шарты боюнча  автор видео тартып жана "хайп" сөзүн чечмелеп берүүсү керек эле. Добуш берүүнун жыйынтыгында Сергей Купавскийдин видеоролиги 430 добуш алып, мыктылардын мыктысы болуп табылды, жана да ал баш байгенин – Cube Attention велосипединин ээси болду.    

«Мен 10 жылдан ашуун убакыттан бери MegaCom абоненттеринин катарын толуктап келем. Өзүмдүн мобилдик операторумдан мындай жагымдуу белек алуу эки эсе кубанычтуу. Ролигимде тоодо велосипед менен татаал  секириктерди жана трюктарды жасайм. «Сага дагы бир велосипеддин эмне кереги бар? Көп болуп калбайбы?» деп сурап жатышты. Сырымды ачайын – менин велосипедим жок болгондуктан, видео тартуу үчүн досумдан сурап алган элем. Эми укмуштуудай велосипеддин ээсимин, сүйүктүү компанияма ыракмат», – деп, кубанычы менен бөлүшө кетти конкурстун жеңүүчүсү Сергей Купавский.

Конкурстун калган финалчылары MegaCom компаниясынын фирмалык азембелектери белекке алып, "Алтын" категориясынын номурларын тандап алышып  жана  "ХАЙП" тарифинин "М" топтомуна жарым жылга жазылуу мүмкүнчүлүгү тартууланды.

«Мен конкурс тууралуу социалдык түйүндөр аркылуу билдим, бирок видео жаратуу үчүн идея деле жок болчу. Бир жолу көчөдө келе жатып бийиктиктен  «тарзанкадан» секирип жаткан адамдарды көрдүм. Ошондо менде жагымдуу нерсени пайдалуу нерсе менен айкалыштырууга неге болбосун деген бир жакшы ой жаралды. Өз коркуу сезимдеримди жеңип, жана да конкурска  катышууга болот деген чечимге келдим. 44 метр бийиктиктеги чатырдан секирдим. MegaCom конкурсунун аркасы менен коркуу сезимдериме тике карай алдым десем болчудай», деп эскерет абдан экстремалдуу видеороликтин автору Оксана Сухно.

Мыкты деп табылган үч видеонун бирин жараткан  Жолболду Калмаматов: « MegaCom ушул конкурсту уюштуруу менен өзүн заманбап компания катары көрсөтө алды. Каалагандардын бардыгына катышууга мүмкүнчүлүк берилгендиктен,  чыгармачылык чөйрөгө катышы болбогон замандаштарыбыз да өз күчтөрүн  сынай алышты».

Белектерди тапшыруу аземи аяктагандан кийин эстеликке сүрөткө түшүштү. Компаниянын өкүлдөрү MegaCom тарабынан өткөрүлүп туруучу конкурстарга, акцияларга кызыгып, катышып жана жеңишке ээ болгондорду дагы бир ирет куттуктады. Толук маалымат менен  Facebook, InstagramVKОдноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчаларыбыз аркылуу таанышсаңыз болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы