Перейти на новый сайт

MegaPay мобилдик капчыгы: ыңгайлуу, жөнөкөй жана коопсуз

MegaPay мобилдик капчыгы: ыңгайлуу, жөнөкөй жана коопсуз

MegaPay сервиси MegaCom абоненттери үчүн мыкты табылга болуп калды десек болчудай.  Абоненттер аталган сервистин жардамы менен саналуу секундалардын ичинде маанилүү маселелерин чече алат. Мобилдик тиркемеде  коммуналдык, мобилдик байланыш, үй интернети жана телеберүү, айып пулдарды төлөө, оюндар, социалдык түйүндөр, такси сыяктуу 70тен ашык түрдүү кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө болот. Мунун бардыгын үйдөн чыкпастан, кезек күтпөстөн жана комиссиясыз ишке ашырууга болот. MegaPay аркылуу төлөм жүргүзүүгө мүмкүн болгон сервистердин саны арбыган сайын, сервис заман талабына ылайыкташтырылып келүүдө.

Маселен, эми  «Акнет» iTV санариптик телеберүүсүнүн кызматы үчүн акы төлөөдө төлөм маалыматтарын кол менен терип киргизүүнүн кажети жок. Бул үчүн  «Акнет» компаниясынын инфопорталындагы жеке кабинетке кирип, смартфондун камерасынын жардамы менен QR-кодду  MegaPay тиркемеси аркылуу скандап жана комиссиясыз аткарылган төлөмдү тастыктап коюу жетиштүү!

MegaPay менен колдонуу ары ыңгайлуу, ары коопсуз. Телефон шылуундарынын мыйзамга сыйбаган аракеттеринин алдын алуу үчүн сервисте SMS-код каралган. Тактап айтканда, акча каражаттарын эсептен чыгаруудан мурда  абонентке кыска билдирүү келет, ал эми ансыз төлөмдү аткарууга мүмкүн болбойт.

Ыңгайлуу жана заманбап  төлөм шайманы колдонууну каалайсызбы? Мобилдик телефонуңузга Google Play Market же  App Store аркылуу MegaPay тиркемесин  жүктөп алыңыз.

Толук маалыматты megacom.kg расмий сайтынан табууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы