MegaCom кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт
MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт. «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган.
Ата Мекендик мобилдик оператор улуттук баалуулуктарыбызды − маданиятыбызды, тарыхыбызды, анын ичинде эне тилибизди өнүктүрүүгө туруктуу негизде колдоо көрсөтүп келүүдө. Компания тарабынан бул багытта бир катар алгылыктуу иштер аткарылды. Тактап айта кетсек:
- Белгилүү түрколог-лексикограф, профессор Константин Юдахиндин баалуу табериги болгон ”Кыргызча-орусча жана Орусча-кыргызча” сөздүгүнүн кайрадан жарык көрүшүнө башкы демөөрчү катары колдоо көрсөтүү;
- «Кыргыздын элдик ырлары» кыргыз эл ырларынын жыйнагын басып чыгарууга көмөк көрсөтүү;
- 7-9- класстар үчүн «Информатика жана маалымат-коммуникациялык технологиялары» усулдук колдонмосун басып чыгаруу (колдонмо толугу менен кыргыз тилине которулуп, мектептерге берилди);
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте кыргыз тилин окутуу боюнча мыкты иштелме үчүн мугалимдердин арасында өткөрүлгөн конкурска колдоо көрсөтүү;
- Мобилдик байланыш, интернет жана жаңы технологияларга арналып, 3D графиканын элементтери менен тартылган «Акылбектин жана Билимбектин укмуштуу окуялары» алгачкы жеке мультсериалды тартуу.
Компаниянын ички процесстери да мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган. Уюлдук оператордун megacom.kg расмий сайты баштапкы абалында кыргыз тилинде ачылат. Мындан тышкары, компания кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүү максатында атайын тренингдер өткөрүлуп турат.