Перейти на новый сайт

MegaCom: 4G LTE технологиясы дагы 30 айылда жеткиликтүү болуп калды

MegaCom: 4G LTE технологиясы дагы 30 айылда жеткиликтүү болуп калды

MegaCom Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча, анын ичинде алыскы райондордо да LTE түйүнүн өнүктүрүүнү, жана  да 4G стандартындагы базалык станциялардын санын көбөйтүүнү  колго алып келет.   

Өткөн айда жаңы базалык станциялардын ишке киргизилиши менен, дагы 30 айыл төртүнчү муун түйүнү менен  камсыз болду.

 Алар:

  • Чүй облусунун Хун Чи айылы;
  • Ош облусунун Кыргызстан, Арек, Орке, Кең-Сай, Тынчтык, Савай-Арык, Кечкен-Жар, Курбан-Кара, Кызыл-Шарк, Андижан-Махалла, Кенжекул, Барак, Жылкелди, Кызыл-Мехнат, Монок, Каарман, Маданият  (Жоош айыл  аймагы), Учкун (Мады айыл аймагы), Нойгут, Бел-Кыштак, Жаңы-Кыштак,   Коммунист, Кызыл-Байрак, Керме-Тоо, Арал жана  Фрунзе айылдары;
  • Жалал-Абад облусунун Масадан жана Ырыс айылдары;
  •  Талас облусунун  Кайнар жана  Көк-Сай айылдары.

4G түйүнү менен камтылган аймактарда болсо техникалык жумуштар аткарылып, натыйжада  Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында жана Чүй облусунун  Ак-Кудук, Ысык-Көл облусунун  Кара-Ой, Ош облусунун Жапалак, Кенжекул, Тажик-Махалла, Кашгар-Кыштак, Күн-Элек, Мурдаш, Сөгөндү, Чапаев атындагы айылдарында, Жалал-Абад облусунун Тотия айылында 4G түйүнүнүн сапаты жакшыртылды.

Мындан тышкары, MegaCom компаниясынын адистери тарабынан 2G жана 3G түйүндөрү менен каптоону мыктылоо жумуштары аткарылды. Жыйырмага чамалуу  калктуу конуштардын, Ош жана Чолпон-Ата сыяктуу калк жыш отурукташкан шаарлардын тургундары үн сигналынын сапатынын бир кыйла жакшыргандыгын сезе алышат. Үчүнчү муун технологиясы Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын 25 айылында ишке киргизилди. Байланыш сапатынын жогору болушу компания үчүн абдан орчундуу.   

Жакын жайгашкан базалык станциялардын сигналынын деңгээли,  2G, 3G  жана жогорку ылдамдыктагы 4G-каптоо аймагы тууралуу маалымат менен каптоо аймагынын картасынан онлайн режимде тааныша аласыз.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы