Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын кызматкерлери Кара-Жыгач багын иретке келтиришти

MegaCom компаниясынын кызматкерлери Кара-Жыгач багын иретке келтиришти

MegaCom компаниясынын кызматкерлери өлкө аймагын үйүлгөн таштандылардан арылтуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулган Республикалык акциянын алкагында Кара-Жыгач багында тазалоо жумуштарын аткарышты. Башка өлкөлөрдө колго алынган мындай демилге Кыргызстан тарабынан да колдоого алынып,  2018-жылдын 15-сентябрында жер-жерлерде ишембиликтер болуп өттү.

Алдыңкы уюлдук оператордун Техникалык жана Финансылык дирекцияларынын кызматкерлери, жана да Кардарларды колдоо бөлүмүнүн адистери шаардыктардын эс алуу жайына айланган Кара-Жыгач багын куурап калган бутактардан, таштандылардан тазалашты.

Белгилей кетсек, алар  Кара-Жыгач багын биринчи эле жолу тазалап жатышкан жок. Буга чейин  болуп өткөн ишембиликте жалпы аянты 1,5 га болгон аймактан 4 жүкташуучу унаа менен жыйналган таштанды, ал эми 3 жүк ташуучу унаа менен кургаган бутактар чыгарылган.

MegaCom компаниясынын “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” ынтымактуу жамааты жалпы шаардык ишембиликтерге жыл сайын катышып келүүдө.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы